Баткен облусундагы жалгыз радио жарым жылдык тыныгуудан кийин октябрда иштеп баштайт

Баткендеги жергиликтүү жалгыз радио болуп эсептелген «Салам» алты ай иштебей турду - радиостанциянын башкы директору берүүлөрдү октябрдын ортосунда калыбына келтирүүнү убадалап жатат.

«Салам» радиосунун башкы директору Максуда Айтиева Бишкектен барган адистер жаңы жабдыктарды 25-сентябрда орнотот деп билдирди «Клоопко» — станциянын ишинин тыным алуусуна аппаратурасынын бузулуп калгандыгы себеп болгон.

Айтиева баткендиктер «Салам» радиосун октябрдан баштап кайра угат деп убада берүүдө.

«Биз болжолдуу түрдө 10-15-октябрь деп атабыз», — деди ал.

Радиостанциянын жетекчилиги августта эле берүүлөрүн калыбына келтирүүнү убадалаган — башкы директор «Сорос» фондусунан каражат жана жабдыктарды алуу үчүн аларга документтерди жөндөөгө бир нече убакыт талап кылынгандыгын айтып түшүндүрдү.

«Салам» электр энергиясындагы мүчүлүштүктөрдөн улам күйүп кеткен радио релесин алмаштырат.

Маалыматтарды таркатуу кызматын аткарган аппаратураны Молдовадан алып келишти, анын болжолдуу баасы — төрт миң АКШ доллары.

Медиа-серепчи Шамарал Майчиев борбордук ММКлар аймактарда болуп жаткан окуяларга жетишээрлик көңүл бурбайт, ошондуктан Баткен облусуна жергиликтүү радио керек деп айткан июль айында «Клоопко» берген маегинде.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Диана Рахманова

Которгон: Илгиз Чалбараков