Билим берүү министрлиги мектеп окуучусун уруп жаткан мугалим тууралуу видеону текшерип жатат

18-сентябрда «Намба» маалымат-көңүл ачуучу порталында мугалим мектеп окуучусун уруп жаткан эки видео пайда болгон. Сүрөттөлүшкө ылайык, окуя Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мусаев атындагы орто мектепте болгон. Билим берүү министрлиги видеону текшерип, изилдөөнү баштады.

«Намбанын»  Aika Kambarova атуу колдонуучусу  «Каратист директор» жана «Мусаев атындагы орто мектептин каратист директору» деген видеолорду 18-сентябрда жайгаштырган.

Ал видеодо мугалим мектеп окуучусун бетке уруп, түртүп, тээп жиберүүгө аракет кылган.

«үй тапшырмасын аткарбасаң — көзүндү чукуп алам», — деп кыйкырган видеодо мугалим.

Окуучу болсо мугалимге жооп бербей класстын башка бурчуна кетип калган.

Болжолдуу түрдө аны мектеп окуучусу тарткан — ал мезгил-мезгили менен камераны партанын алдына киргизип, катып турган.

Aika Kambarova деген колдонуучунун сүрөттөп берүүсүнө ылайык, видеодогу мугалим Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мусаев атындагы орто мектептин директору Рая Даткаева болгон.

«Клооп» видеонун качан тартылгандыгын билүү үчүн Aika Kambarova менен байланыша алган жок.

«Каратист директор» жана «Мусаев атындагы орто мектептин каратист директору» видеосун көрүү. Эскертүү, роликте зомбулук көрсөткөн учурлар бар.

http://www.youtube.com/watch?v=csu7YmXgzUg

«Клооптун» кабарчылары видеону Билим берүү министрлигин басма сөз катчысы Керез Жукеевага көрсөтүштү — ал ролик жасалма болушу мүмкүн деп болжолдоду.

Жукеева видео кандай шарттарда тартылгандыгын анын мекемеси аныктай тургандыгын белгиледи.

Мусаев атындагы орто мектептин администрациясы учурда комментарий берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Авторлор: Нурия Рыскулова жана Айшоола Айсаева

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков