Кыргызстанда 24-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болуп, жуктуруунун 426 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 314;
- Чүй облусунда — 44;
- Баткен облусунда — 22;
- Жалал-Абад облусунда — 18;
- Ысык-Көл облусунда — 10;
- Ош шаарында — 10;
- Талас облусунда — 4;
- Нарын облусунда — 4.
Ошондой эле, 24-январга карата жалпы республика боюнча 589 адам оорудан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 195 820га жетти. Ал эми өлкө боюнча 183 517 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 851 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 1 176, ал эми үй шартында 6 780 адам дарыланып жатат.