Сокулукта эки жашар баланы аёосуз сабоого шектелип 35 жаштагы киши кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан Сокулук районунда эки жашар баланы ур-токмокко алууга шектелип 5-февралда 35 жаштагы киши кармалганын билдиришти. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициянын маалыматында, наристенин ата-энеси шектүүнүн колунда иштеп жүргөн.

«Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти облустук милициядан.

Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Сокулук райондук милицияга 3-февраль күнү кечки саат тогузда денесинде жаракаттары бар эки жашар бала ооруканага жаткырылганы кабарланган. Наристенин баш мээси жабыркаганы аныкталып, ал бети-башы көкала абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Баланын энеси уулун аларга иш берген киши сабаганын айтып берген. Наристенин атасы болсо бул биринчи эле учур эместигин белгилеген. Анын айтымында, шектүү анын жубайын да токмоктоп турган.

«Мен анын кантип [баланы кыйнап жатканын] көрдүм. Бирок ага каршы бир нерсе кылуу колумдан келген жок. Анткени ал үй-бүлөмдү жана балдарымды жок кылам деп коркуткан», — деген ал.

Алдын ала маалымат боюнча, баланын ата-энеси шектүүнүн колунда мал карап иштеп жүрүшкөн.