Шайлоо 2022: БШК кайра шайлоодо келип түшкөн арыздар боюнча маалымат берди

БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев 27-февралда эртең мененки брифингде Бишкектин эки округундагы мыйзам бузуулар боюнча жалпы 38 арыз түшкөнүн билдирди.

«Укук коргоо органдары 11 арыз боюнча жоопко тартуу талабы четке кагылды, үч арыз боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, бир арыз боюнча кылмыш иши козголду», — деди Койчукеев.

Кийинчерээк Боршайкомдун маалымат кызматы мекемеге бузуулар жөнүндө 24 арыз түшкөнүн кабарлады. Алардын 20сы шайлоо алдында үгүт эрежелерин бузуу, төртөө талапкер тууралуу жалган маалымат таратуу боюнча.

Ошондой эле алты талапкерге шайлоо алдында үгүт эрежелерин бузганы үчүн 50 миң сомдон айып салынганы маалымдалды.

Мындан сырткары, БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна 15 арыз жазылганы белгилүү болду. Алардын тогузу добуш сатып алуу, үчөө админресурс пайдалануу, экөө баннерди уурдоо жана бир арыз шайлоо документтерин жасалмалоого аракет жасоо тууралуу.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Бирок шайлоодо Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Бүгүн, 27-февралда кайрадан парламенттик шайлоо өтүп жатат. Кайра шайлоодо №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

«Клооптун» байкоочулары кайра шайлоого байкоо салышууда. Үч шайлоо тилкесинде — №1337, №1313 и №1213 — алар адамдар шайлоочулардын идентификациялык номурун жазып жатышканына күбө болушкан. Башка участоктордо добуш берүүнүн купуялуулугу жана үгүт материалдарын таратуу боюнча бузуулар катталган.