5 млн сомго чейинки мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз ишке ашыруу сунушталды

Финансы министрлиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, 5 миллион сомго чейинки сатып алууларды тендер жарыялабастан ишке ашырууга болот. Бул тууралуу 14-мартта парламент комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Улугбек Календеров билдирди.

Анын айтымында, ведомствонун мамлекеттик органдардын кызматкерлерин түз келишим түзүүгө окутуу боюнча алдын ала планы бар.

«Бул мыйзам тез ишке кириши үчүн эки маселе турат. Жанагы сиздер айтып жаткан электрондук порталды киргизиш керек, экинчиден, ошол сатып алуучулардын адистерин, мекеме жетекчилерин окуудан өткөрүү», — деди Календеров.

Жыйында эл өкүлдөрү мыйзамдын түзөтүүлөрүндө жергиликтүү ишканаларга берилген 20%дык жеңилдик алып салынганын белгилешти. Министрдин орун басары ал товардын Кыргызстанда чыгарылганын далилдөө оор болгондуктан алып салынганын түшүндүрдү.