«Клооп» басылмасы Ош шаарындагы бюросуна кыргыз тилдүү редактор-журналист издейт. Эгер сиз көз карандысыз, журналистиканын эл аралык стандарттары боюнча иштеген басылмада иштегиңиз келсе — анда биз сизден билдирме күтөбүз.

Биз өлкөдөгү кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүшүн каалайбыз жана ушул жаатта аракет кылып келебиз. Окурмандарга сапаттуу, бейтарап, тең салмактуу жана такталган маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

Биздин ишибиздин артында дайыма коомдук кызыкчылык жатат. Ошондуктан адам укугун, гендердик тең салмактуулукту, социалдык көйгөйлөрдү жана саясий окуяларды чагылдырууга басым жасайбыз. Ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн каражаттары кандай жумшалып жатканына да байкоо салабыз.

Биздин кызматкерлер дайыма билимин жана тажрыйбасын жогорулатууга ынтызар. Ал үчүн редакция мүмкүнчүлүктөрдү издеп, шарт түзүп берүүгө даяр. «Клооп» идеяларга ачык жана аларды колдоого аракет кылат. Сизди эркин жана чыгармачыл команда тосуп алат.

Сизден эмне талап кылынат?

Сиз кыргыз тилинде сабаттуу жаза билишиңиз керек жана сөз байлыгыңыз кенен болушу шарт. Ошондой эле аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүгө ээ, демилгелүү, билимин жогорулатууга ынтызар, жаңы идеяларга ачык, билимин башкалар менен бөлүшүүгө даяр талапкерлерге артыкчылык берилет.

«Клооптун» Оштогу бюросу онлайн журналистика мектебин өткөрүп, көз карандысыз кесипкөй журналисттерди даярдап келет. Редактор-журналист студенттерге журналистиканын негиздери боюнча тренингдерди өтүп, алар менен иштешип, чогуу темаларды талкуулап, материалдарын даярдоодо менторлук кылышы керек. Макаланы текшерип, анын мазмунуна жоопкерчилик алып, даяр болгон соң сайтка чыгарат.

Ошондой эле башка форматтагы материалдар менен да иштейт. Анын ичинде сүрөт баяндардын жана видео-материалдардын тексттерин редактирлейт.

Мындан сырткары өзү да күнүмдүк окуяларга көз салып жаңылык жазат, макала даярдоого тема сунуштайт. Материалдын фокусун, түзүлүшүн аныктап, интервью алат, маалымат чогултат, макаланы жазып, башкы редактор текшерген соң сайтка чыгарат.

Жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу кызматкерлер 24/7 бою байланышта болот. Өтө зарыл жана чукул кырдаалдарда негизги жумуш убактысынан сырткары да материал даярдап чыгарат.

Талапкерлерден келген билдирмелер алгач каралып, андан кийин тандоодон өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдөн кийин вакансияга ылайык келгендер аныкталып, бир ай сыноо мөөнөтү менен ишке алынат.

Айлык акы маектешүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат.

Төмөнкү билдирмени шилтеме аркылуу кирип 3-апрелге чейин толтуруп жибериңиз.

Билдирмеге шилтеме: https://forms.gle/DjJNgTvEqmAiTD5x5