Бозгун президент Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн эстрадициялоо мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу парламенттин 6-апрелдеги жыйынында Курманкул Зулушев билдирди.
Депутат Жанар Акаев Башкы прокуратура Бакиевдердин үй-бүлөсүн жоопко тартуу аракетин көрүп жатабы-жокпу деп кызыкты.
Депутат 7-апрелде 2010-жылдагы апрель окуяларына, «диктатордук кандуу режимдин» кулаганына 12 жыл болорун белгиледи.
«Апрель окуяларында өлгөндөрдүн саны бүгүнкү күндө 152ге жетти. Ошондо 87 адам өлсө, андан ары жаракат алгандар өлүп отуруп, мына 152 адам каза болду. Ошол Бакиевдерди, Жаныш Бакиевди баш кылып алып келип, жоопко тартуу боюнча прокуратурада конкреттүү иштер болуп жатабы?» — деп сурады Акаев.
Курманкул Зулушев ведомство Беларуска бир канча жолу кат жөнөтүлгөнүн, бир катар кылмыш иштери козголгонун, бирок бүгүнкү күндө Бакиевдерди экстрадиция кылууга «мүмкүнчүлүк жок» деп жооп берди. Анын айтымында, Беларус бозгун президентти Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.
2021-жылдын апрелинде экс-депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушевден Бакиевдерди Белорустан экстрадиция кылуу аракеттерин токтотпоону суранган. Зулушев көзөмөл органы бул багытта иштеп жатканын айткан.
«Бакиев, Максим менен Жанышты адилеттүү кыргыздын сотуна алып келүү боюнча иш-аракеттерди токтотпош керек. Аянтыбызда 80ге жакын каны төгүлгөн жарандарыбызды унутпашыбыз керек. Саясий күрөштө биз алардын берген курмандыгын унутпашыбыз керек. [...] Бакиевдердин мүлкү аягында эмне болгонун ачык айтыш керек», — деди Жээнчороев.
Анда башкы прокурор көзөмөл органында Бакиевдерди экстрадициялоо маселелери боюнча иш жүргүзгөн эл аралык бөлүм иштеп жатканын айткан.
«Беларус Бакиевдерди өткөрүп берүүдөн баш тарткандыгы, токтомду аткаруудан баш тарткандыгы белгилүү. Мунун баары конвенциялар менен чечилет, өзүңүз билесиз. Ар бир өлкөнүн өз эрки экен, берет-бербейт деген. Прокуратура каражаттарды кайтаруу боюнча чоң иштерди жүргүзүп жатат», — деген Зулушев.
Бакиевдердин кланы
Курманбек Бакиев 11 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.
Сот 2013-жылы 7-апрелдеги ыңкылабга байланыштуу Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, анын иниси Жаныш Бакиевди —өмүр бою кескен. Ал эми бозгун президенттин улуу баласы Марат, ошол кезде Улуттук коопсуздук кызматынын (учурдагы УКМКнын) төрагасынын орун басары болгон. Ал сыртынан 27 жылга кесилген. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Бозгун президенттин дагы бир уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин финансылык көз боёмочулукка айыпталган. Биринчи май райондук соту ага карата мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.
Мындан тышкары, Бакиевдер президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.
Беларуста Бакиевдер кланынын мүчөлөрү байлар жашаган райондордо жашап, ири бизнестерге аралашып келишет. Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британиянын Суррей болуштугунда хан сарайга ээлик кылат.