Оштун мэриясына кытайлык автоунааларды «мыйзамсыз» сатып алган деп кылмыш иши козголду

УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын билдирүүсүндө, Ош мэриясы кытайлык автоунааларды сатып алуу үчүн «мыйзамсыз» тендер жарыялаган. Болжол менен мамлекеттик бюджетке 1 миллион сом чыгым келтирген. Мэрия күнөөнү четке кагууда.

Бул факт боюнча 27-сентябрда 306-берене менен каралган «келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууларды КРнын кызыкчылыгын эске албай өткөрүү» жана 189-берене менен каралган «коомдук сатууларды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн эрежелерин бузуу» боюнча. Ош шаарынын мэриясына кылмыш иши козголду.

УКМКнын билдирүүсүндө, мэрия мамлекеттик бюджетке божомол менен 1,2 миллион сом чыгым келтирген.

Мэриянын трансопорт жана коммуникациялык бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов күнөөлөрдү четке какты. Анын айтуусунда, сегиз кытайлык автоуунаалар комуналдык кызматтарын аткаруу максатында мурунку жылы алынган.

«Азыр так айтыш кыйын. Биздин оюбуз биз мыйзам бузуу [иштерин] кылган эмеспиз. Бул жерде анча-мынча түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Баардык керектүү материалдарды топтоп, өзүбүздүн туура иш кылганыбызды далилдегенге аракет кылабыз»,—деди Раманов.

Автор: Сайкал Курманбаева, Кадырбек кызы Бурулай