Сокулук: 14 жаштагы кызды көп жылдан бери зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-майда Сокулук РИИБге 51 жаштагы М.Ч. аттуу тургун арыз менен кайрылып, жашы жете элек бир тууган жээнин өгөй атасы көп жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Арыз ээси түшүндүрмө берип, өспүрүм кыздын 36 жаштагы Б.А. аттуу апасы өз кызын май айындагы эс алуу күндөрү таштап кеткендигин айткан. Ал кыздын жүрүм-турумунан байкап, сурамжылоого алган учурунда көп жылдар бою өгөй атасы тарабынан зордуктоого алынып жүргөнүн түшүндүргөн»,— деп айтылат маалыматта.

Милиция бул факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козгоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 35 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө ал күнөөсүн мойнуна алып, жыныстык катнашка «кыздын макулдугу менен» барганын айткан.

Кылмышка шектүү Сокулук райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 бала зордук-зомбулукка кабылганы билдирген. Анын ичинен 118и бала сексуалдык зомбулукка туш болгон.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.