Жалал-Абаддагы «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышты

«Ата-Журт» партиясынын миңдеген тарапташтарынын митинги Жалал-Абадда уланууда. Акция катышуучулары дагы деле Бишкек-Ош унаа жолун тосуп турушат. Облустун Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Туркебаевдин баамында, унаа жолунда пайда болгон тыгында миңге жакын унаа токтоп турат.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов «Клоопко» берген маегинде митинг өткөрүп жаткан «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкандыгын айтты.

«Жол жабык. Митингке катышып жаткандардын так санын айта албайм. Анткени аларга жөн эле өтүп бараткандар да аралашып кетти», – деп билдирди Мирзахмедов.

Митингчилер Камчыбек Ташиевди кое бергенге чейин жолду ачпайбыз деп жатышат, — деди аким.

Акимдин биринчи орун басары Төрөгелди Туркебаевдин айтымына, митингдин айынан тыгында миңдей унаа токтоп турат.

Жол тосулган жерде жүргөн «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Абдуназар Маматисламов «Клоопко» берген маегинде Бишкек-Ош унаа жолундагы Бешмойнок айылына жакын жерге 200дөн ашык киши чогулгандыгын билдирди.

Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратынын алдындагы митинг 4-октябрда күндүз башталган. Жалал-Абаддагы университеттин студенти Феруза Ташболот кызынын айтымында, анда 1500дөн ашык киши чогулган.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары лидерлерин кое берүүнү жана Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып жатышат.

«Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» берген маегинде митинг партия лидерлерин тергөө абагынан кое бергенге чейин улана тургандыгын билдирди.

«Ал [митинг] өтө узакка созулат, биздин кишилерди кое бергенге чейин», – деди басма сөз катчы.

«Ата-Журттун» лидерлеринин кармалышы

«Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор 3-октябрда кечинде кармалган. Күндүз болсо алар борбордук Ала-Тоо аянтында «Кумтөр» кенин улутташтырууну талап кылып митинг өткөрүшкөн.

Митингдин жүрүшүндө Ташиев бийликти алмаштырууга чакырып, парламенттин имаратына 50-70тей кишини алып келген. Жабык турган дарбазадан өтө албай, Ташиев тарапташтары менен бирге тосмо аркылуу өтүшкөн.

Бирок парламенттин күзөтчүлөрү менен милиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ колдонуп аларды сүрүп чыгарышты. Анын жыйынтыгында митингдин катышуучулары менен милиция ортосунда кагылыш болуп, 12 киши жарат алган.

Башкы прокуратура депутатттарга карата Кылмыш кодексинин 295-(күч колдонуп бийликти басып алуу) жана 297-(Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында айтуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш кодексинде мындай аракеттер үчун эң аз дегенде 12 жылга эркинен ажыратуу каралган. Азырынча парламентарийлер УКМКнын тергөө абагында камакта. Эки күндүн ичинде аларга күнөө коюуулары керек.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли