Оштун бийлиги көчө сатуучуларын жаңы базарларга которулушун талап кылды


Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, борбордук базардын тышындагы сатуучулары унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук берип, алар башка жака көчүшү керек. Ал эми сатуучулар болсо, шаардын борборунан башка жерге кетпей тургандыгын белгилешет.

Ош шаардык мэриясынын пресс-катчысы Гульжан Ажиматованын айтымында көчө сатуучулары бир гана муниципалетитке эмес, базардын пресс-секретарь мэрии гожумушчаларына да чоң тоскоолдуктарды жаратат.

Мэрия аларды шаардын чекесинен жаңы ачылган соода түйүндөрүнүнө көчүп кетүүсү керек экендигин айтып, алар аталган базарлардан эркин имердик менен алектене алаарын кошумчалады.

Оштогу өнөр жай жана игмердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элтай Каримовдун билдиргенине караганда, көчө боюнда туруп соода-сатык жүргүзгөндөр коомдук транпорттун ары-бери жылышына тоскоолдуктарды жаратууда. Андан тышкары бул орундар санитардык талаптарга жооп бербейт.

Азык-түлүк саткан көчө сатуучуларынын азыркы орду таштандыларга жык-жыйма. Аталган ишкерер ушул жылдын 30-сентябырына чейин жаңы соода түйүндөрүнө кетүүнү бийликке убада кылганын Каримов белгиледи.

«Эгер азыркы иш жүргүзүп жаткан жерден кетпейбиз дегендер болсо, аларга административдик чараларды колдонобуз, акчалай айыптарды 500 сомдон 2000 сомго чеин төлөөгө аргасыз болушат», ― деди Каримов.

Кым-куут жана чаң

Ал эми борбордук базардын тегерек-четиндеги сатуучулардын өзү чет-жакадагы базарларга кеткелери келбей туганын маалымдады.
Алардын Бири Сайра Мусамбетова Оштун тургундары шаардын жакасындагы базарга барууга жол кире короткусу келбегенин айтат.

Бубусайра Калмыратова дагы жол боюнча бут кийим сатканын билдирип, көчө чаң жана ар дайым ызы-чуу болуп тураарын айтат.

Ал жолдун тегерек-четинде соода-сатык жүргүзүү туура эмес экендигине кошулуп, бирок буга жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин белгиледи.

«Эгер мэрия ошончолук эле биз жөнүндө камсызданса, анда жок дегенде жаан-чачын болгондо суу болуп калышпасын деп чатыр жасап, ижара акысын азайтып койсо жакшы болмок да. Биздин иш оор экенин да эске алышы керек эле», ― деди сатуучу Калмыратова.

Мөмө-жемиш сатуу менен алектенген Жума Боронбаев базардын ичинде соода кылуу үчүн бош орундар жок дейт.

«Ошондуктан эшикте отурабыз да», ― деди Боронбаев.

Жергиликтүү жашоочулардын пикири

Таксист Акун Кабылов базарды дайыма ирээтке келтиип, тазалап туруу зарыл деп эсептеп, жана ошондой эле көчө сатуучуларын башка орундарга кетирүү керек дейт.

«Сатуучулар автоунаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат», ― деди айдоочу Кабылов.

Оштун тургуну Айнуранын айтымында эл элдер кир жерде жашайт. Майда сатуучуларды чоң базарларга, соода түйүндөргө кетирүү зарыл деген оюн билдирип, мисал катары шаардын чекесине көчүрүлгөн мал базары тууралуу айтты.

«Мал базар кеткенден кийин алардын жаңы ордуна эч ким келбейт дегендер көп болгон. Бирок баарына көнсө болот», ― деди шаар тургуну.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова