«МедиаХаб»: Кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан компаниялар бар

«МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө жарыялашты.

Алардын маалыматына ылайык, акыркы бир нече аптада кыргызстандык соцтүйүндөрдө Орусияга жеке күзөт кызматына жумушка кабыл алуу тууралуу жарыялар пайда болгон.

Бирок, журналисттер жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтып, ордуна башка жумуш сунуштап жатышканын аныкташкан. Ал жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткаруу».

Журналисттердин айтымында, жарнамада көрсөтүлгөн номер Краснодар аймагынын Молькино хуторуна келүүнү өтүнгөн. Телефон номерлерди идентификациялоочу кызмат ал номер ЧВК «Вагнер» деп катталганын көрсөттү. Орусиялык ЖМКлар дал ушул Молькинодо ЧВК «Вагнердин» базасы жана азгырык пункту жайгашканын жазышкан.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматына караганда, Кыргызстандан тышкары Украинадагы согушка жалданма аскерлерди алуу боюнча жарнамалар Өзбекстандын соцтүйүндөрүндө да тарап жатат.

Кыргызстанда жалданма жоокер болгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралган. Андайда «Жалдануучулук» беренеси менен 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эмне болгон ЧВК «Вагнер»?

ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт. Ошондой эле ЖМКлар «Вагнерге» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» Евгений Пригожин ээлик кыларын жазышкан.

ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, «Вагнердин» жалданма аскерлери 2014-жылы Донбасстагы, Сириядагы жана африка өлкөлөрүндөгү конфликттерге катышкан.

Ушул жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салууну башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат.

2022-жылдын март айында Би-Би-Синин орус кызматы жалданма аскерлердин өзүнө жана мурда согушка тартуу иштери жүргүзүлгөн түрдүү пабликтерге таянып, «Вагнер» Украинадагы согушка жалданма аскерлерди чогултуу боюнча ири кампания баштаганын жазган.

ЧВК «Вагнердин» Донецктеги жалданма аскери. Сүрөт: Христо Грозев.

«Жаңы конфликттин шартында потенциалдуу жалданма аскерлер үчүн буга чейинки бардык чектөөлөрдү алып салышкан: эгер буга чейин “Вагнерге” 2014-жылга чейин Орусияда туулгандарды гана алышса, ал эми азыр Краснодар крайына жакын Молькинодогу чогултуу пунктуна өздөрүн Эл республикасы деп жарыялап алган ДЭР жана ЛЭРдин, аннексияланган Крымдын тургундарын, чет өлкөлүктөрдү да чакырып жатышат, болгону Грузиянын жарандарына чектөө калды. Федералдык соттук приставдын алдындагы карыздары, жалпы жарандык паспорттун же соттолбогону тууралуу маалымкаттын жоктугу да көйгөй болбой калган», — деп жазган басылма.

13-июлда орусиялык «Медуза» басылмасы учурда кайсы ЧВКлар жалданма аскерлерди активдүү чогултуп, Украинадагы согушка жөнөтүп жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган. Текстте журналисттер жалданма аскерлерди топтоого орус бийлиги кандай салым кошуп жатканын да айтып беришкен. Ошондой эле, журналисттер Москвада жарым-жартылай Москва шаарынын бюджетинен каржыланган аскердик бөлүм түзүлгөнүн аныкташкан. Бул аскердик бөлүмдөр «собяниндин полку» деп аталат.