Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 13 жаштагы тургуну дайынсыз жоголуп изделип жатат. Бул тууралуу жакындары соцтармактарга билдирүү жарыялашты.
Маалыматка караганда, 13 жаштагы Каныкей 25-июль күнү кечке жуук «курбумдун үйүнө барып келейин» деп үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон кайтып келген эмес.
Ал эми 27-июлда ал ата-энесине чоочун номерден байланышка чыгып, «үйгө эртең барам» деп айткан. Ата-энеси кайра чалганда телефон номер Бишкектеги Inter Hotel Bishkek мейманканасынын администраторуна таандык болуп чыккан.
Мейманканадан өспүрүм аларга 26-июлда келип жайгашканын айтышкан. Ошол эле күнү кыз сыртка чыгып кеткен.
27-июль таңкы саат 4 жарым чамасында эки милиционер өспүрүмдү мейманканага алып келип, администраторго тапшырган. Бул учур видеобайкоочу камерага түшүп калган.
Каныкей 27-июль күндүз мейманканадан үйгө кетем деп чыккан боюнча дайынсыз болууда.
«Эң кызыгы Бишкектеги мейманкана 13 жаштагы кызды кантип кабыл алган, милиция кызматкерлери эмне үчүн ата-энесине чыкпай, администраторго өткөрүп беришкен. Мунун баары бүдөмүк болуп жатат. Азырынча Каныкейдин аман-эсен табылып калышын тилеп отурабыз», — деп жазды анын жакындарынын бири.
Жалал-Абад ОИИБден бул маалыматты тастыкташып, учурда издөө жүрүп жатканын айтышты.
Өспүрүмдү көргөн-билгендер болсо 0551295242, 0770 295242 номурларына байланышса болот.