«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы кезектеги жолу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Активисттер аялдар менен балдардын абалы «күн санап начарлап жатканына» тынчсызданышууда. Алар президент менен жолугушууну талап кылышты.
Укук коргоочулар мамлекеттик органдардын зордуктоо боюнча берген маалыматтары абалды толук көрсөтпөй жатат деп эсептешет.
Алсак, 2002-жылдан 2018-жылга чейин «зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу» графасы боюнча жылына орто эсеп менен 200-300гө жакын кылмыш катталчу. Ал эми 2021-жылы Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине мындай 632 учур катталган. Бирок 2022-жылдын биринчи кварталында ИИМ зордуктоо фактысы боюнча болгону 31 кылмыш ишин козгогон. Активисттердин маалыматында бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 эсе аз.
Активисттердин пикиринде, Кылмыш жаза жана башка кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам статистикада боштуктар пайда болгон. 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясы иштей баштаган — Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КБЖР) да ошондо пайда болгон. Милиция күн бою ар бир арызды ресстрге каттап, андан соң сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү болчу.
Бирок 2022-жылы бул жагдай кайрадан өзгөргөн. Кылмыш жаза кодексинин жаңы редакциясына ылайык, милиция кызматкери сутка ичиндеги ар бир ишти реестирге каттоого милдеттүү эмес болчу. Азыр укук коргоо органдын кызматкерлерине фактыны текшерип, иш когойбу же жокпу аныктоого бир ай мөөнөт берилет.
«Укук коргоо органдарындагы маалыматтар зордуктоонун канчалык жайылып жатканын толук көрсөтпөйт, анткени дүйнө жүзү боюнча аларды кылмыштардын латенттик (жашыруун) түрүнө киргизишет», — деп билдиришти укук коргоочулар кайрылуусунда.
Активисттер зордук-зомбулуктан жабыркагандар адатта милицияга кайрылышпасын — тууган-урук, достордун сөзүнө калуудан жана милиция кызматкерлеринин туура эмес мамилесинен коркушат. Алар кылмышкерлер жазасын аланарына дагы ишенбейт.
Алардын пикиринде, зордуктоо боюнча катталган фактылардын статистикасы «чекеси» эле болуп эсептелет. Алар талдоо кылууда маалыматтарга таасир этип коюушу мүмкүн болгон колдонуудагы мыйзамдарды дагы эске алуу керек дешет.
Укук коргоочулар Улуттук статистикалык комитеттин 2019-жылы Бишкекте жүргүзгөн виктимологиялык изилдөөсүнө таянып, жыныстык кылмыштар боюнча расмий маалыматтар аялдардын сурамжылоосу көрсөткөндөн дагы 55 эсе төмөн экенин белгилешет.
Алар көйгөйдүн масштабы чындыгында кандай экенин баалоо үчүн атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин, андай Кыргызстанда азырынча боло электигин айтышат. Андай изилдөөнү 2021-2023-жылдарга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планында 2022-жылы жүргүзүү пландалган. Бирок ал азырынча минкаб тарабынан кабыл алына элек.
Укук коргоочулар бийлик гендердик өнүктүрүү боюнча стратегиялык документке кол коёт деп үмүт артат.
«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы буга чейин дагы президентке кайрылган. Кыймылдын мүчөсү Адинай Жапаралиеванын айтымында, алар Жапаровго үч жолу кайрылуу жолдошкон.
«Маселени талкуулоо үчүн жолугууну каалайбыз. Бизде маселени чечүүнүн жолдору, аны менен каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча биргелешип кандай иш-чараларды өткөрсө болот деген сунуштарыбыз бар. Милицияны реформалоо боюнча сунуштар бар», — деди ал.
«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президентке биринчи жолу 13 жаштагы кызды төрт киши зордуктап жүргөнү белгилүү болгондо кайрылган. Анда шектүүлөрдүн экөө милиция кызматкерлери экени айтылган.
Анда президенттик администрация кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп билдирген.
Активисттер президенттик администрациянын жообуна канааттанбаганын айтышкан. Алар «өлкөнүн аялдарын жана балдарын коргоо мамлекет башчысынын да, ар бир министрдин да биринчиде койгон максаты эмес экенин көрдүк» дешкен.