Беш ай мурда Орусия Украинага толук масштабдуу кол салган. Бул аралыкта Украинадан 10 миллиондон ашуун адам чыгып кетти, ал эми 14 миллион киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Алардын арасында Украинада жашаган, үй-бүлөсү, келечек пландары бары теги кыргызстандык аялдар да бар. 24-февралда алардын жашоосу түп-тамырынан өзгөргөн. «Клооп» согуш оту күйгөн өлкөдөн өз күчү менен качып чыгып, мекенине кайтып келген үч айымдын окуясын айтып берет.
Орусия Украинага бастырып киргенден бир ай өткөндөн кийин кыргыз дипломаттары, ТИМ менен элчиликтер өлкөдөн 700дөн ашык кыргызстандык эвакуацияланганын билдирген. Аскерий аракеттерден улам алар Европа өлкөлөрү: Молдова, Румыния, Болгария, Венгрия, Польша жана Түркия аркылуу чыгарылган. Бирок эвакуациялаган авиакаттамдарга бардыгы жете алган эмес. Көпчүлүк кыргыз жарандары жана теги кыргызстандыктар Украинадан өз алдынча чыгып кетишкен.
«Апа, эмнеге күндүзү фейерверк болуп жатат?» Янанын баяны
Яна — Кыргызстандын жараны. Ал беш жашар кызы Кира менен жакында эле, 2021-жылдын сентябрында Украинанын Одесса шаарына барган. Дарыгерлер кызынан астманын белгилерин байкап, сууга жакын жерге көчүүнү кеңеш беришкен. Одессада болсо Янанын чоң энеси жашачу.
Яна Украинада ишке кирип, жаңы досторду табууга жетишкен, ал эми кызы — бала бакчага барып, деңизди сүйө баштаган.
Күзүндө Орусия кол салышы мүмкүн деген жаңылыктар пайда боло баштаган. Яна мындай кабарлардан корккону менен, достору тынчтандырып коюшкан. Кол салууга 1-2 күн калганда Яна өзү жашаган 23-кабаттан кошуна турган Орусиянын элчилигинин короосунда документтерди өрттөп жатышканын көрүп калган. Ошол түнү ал Кыргызстандагы курбусуна Бишкекке кайтып барарын айткан.
Эртең менен аны мекенинен келген телефон чалуу ойготкон — кол салуу тууралуу дүйнө жүзү билген болчу. Яна эмне кыларын билбей калган. Ал жаңылыктарды карап, өзүнө кофе жасап алып, Молдовага кете турган автобуска билет издей баштаган.
«Мага Кыргызстандан байкем телефон чалды: “Сен, эмне, жиндисиңби? Азыр жолго чык! Кайдагы кечинде? Кайдагы автобус? Тезинен такси карма!” Бул сөздөр мени өзүмө келтирди, эмне болуп жатканын түшүнө баштадым», — деп эскерди Яна.
Тиркеме аркылуу такси чакыруу мүмкүн болбой калган — бош унаа жок болчу. Яна кызы экөөнү 100 долларга Молдованын чек арасына жеткирип коюуга макул болгон айдоочу тапкан. Яна буюм-тайымын чогултуп, кызы Кираны ойготот. Бирок кызына эмне болуп жатканын түшүндүрө албай, саякаттап келебиз деп айткан.
Таксини күткөнчө сыртка чыгып, көчөдөгү орундуктарга көчүк басышкан.
«Бир заматта көз алдыбызда асманда күлгүн сары жарылуу болду. Ошол учурда кызым: “Апа, эмнеге күндүзү фейерверк болуп жатат?” деп сурады. Мен титиреп, “майрам” деп жооп бердим», — деп айтып берди Яна.
Таксист телефон чалып, жарылууну көргөндөн кийин эч кайда барбай турганын айткан. Бирок Яна айдоочуну кызы экөөнү чек арага чейин жеткирип коюуга көндүргөн. Яна унаанын терезесинен шаарга кирип келе жаткан аскердик техникаларды, шаардан качып чыгып бараткан одессалык жай тургундардын төрт катар тизилген унаа тыгынын көргөн.
Эки сааттан кийин Яна кызы менен Молдованын чек арасын кесип өтүп, тамак-аш, башпаанек жана жол кире сунуштаган ыктыярчыларга жолуккан. Яна качкындардын арасында ага караганда жардамга көбүрөөк мыктаж болгондор бар экенин көрүп, Кишинёв шаарына чейин такси чакырган. Яна ал жактан Стамбулга учам деп үмүттөнгөн. Бирок ага Молдовада аба жолдору жабылганын айтышкан. Бир нече күн Молдовада калууга туура келген — айдоочу Янага батир табууга жардам берген.
«Телефонум тынбай калды. Бир нече жылдан бери баарлашпай калган адамдар да жазышты — баары тынчсызданышты. Одессада калган досторума телефон чалдым — алар эркек кишилерди чек арадан өткөрбөй жатканын түшүндүрүштү. Бирок көпчүлүгү өз эрки менен калышыптыр — аялдарын узатып коюп, артка кайтып жатышты. Чек арада баары эле токтобой ыйлап жатышты. Коштошуп жатышты», — деп эстейт ал.
Яна кызы менен андан аркы кадамдарын ойлонгончо бир нече күн Кишинёв шаарында турган. Башында ал аба жолдору кайрадан ачылат деп үмүттөнгөн. Украиналык достору аны күтө турууга көндүрүшкөн — алар да Янадай эле, согуш жакын арада токтойт деп үмүттөнүшкөн. Бирок ал Кыргызстанга кайтканы туура чечим экенин түшүнгөн.
«Молдовалыктар аябай жардам беришти. Атүгүл акысыз сим-карта алып келип беришти, ал эми дүкөндөрдө Украинадан качып келгендерге азык-түлүк үчүн сертификаттарды берип жатышты. Бир ирет Glovo аркылуу жеткирип берүү кызматын буйрутма кылгам, төлөм картасына украиналык номер байланган болчу. Мага “Төлөбөй эле коюңуз” деп жазып жиберишиптир. Ушунчалык ак көңүл адамдар туш болгондуктан, ыйлап эле жүрдүм», — деп эскерет Яна Кишинёвдогу күндөрүн.
Ал Румынияга кантип өтсө болорун билүүгө аракет кылган — бул өлкөгө кирүү үчүн адатта кыргызстандыктардан виза талап кылынат.
Яна Венгрияда кыргызстандык дипломаттардын бири документтерди даярдоо үчүн Украинага кайтып барууга көндүргөнүн эскерет — ал «аскердик объектилерди гана жардырылып жатышат» деген ойдо, кооптуу эч нерсе жок деген ойдо болгон.
Кийин Яна согуштан качып келгендерге — кайсыл өлкөнүн жараны экенине карабастан Венгрияга кирүү үчүн мындан ары виза керек эместигин билген. Март айынын башында кызы менен андан ары жолун улаган.
Кишинёвдон Бухарест шаарына каттаган автобус украиналыктарга толо болгон. Кира апасынан, эмне үчүн адамдардын баары эле бир жакка кетип жатканын сураган. Башында ал кызына баары саякаттап баратышканын айткан, бирок кийин кызына согуш деген эмне экенин түшүндүрүүгө туура келген.
«Чек арада автобус беш саат кезек күтүп туруп калды. Кийин чек арачы кирип, баарыбыздын паспортубузду чогултуп алып кетти, кайра мөөр басып таратып беришти. Мен мындай тейлөөгө таң калдым. Бул чек ара кесилишинде да ыктыярчылар бар экен, алар бизге баарын бере башташты: ысык чай, тамак-аш, оюнчуктар. Менин кызым болсо адамдар менен бат тил табышат, ал жакта тамак-аш менен оюнчукка көмүлүп эле калды. Бардык жерде жардам берип жатышты. Мен ансайын ыйлап жаттым», — деп айтып берди Яна.
Молдовадан Румынияга чейинки жол 12 саатты алган. Жүргүнчүлөрдү аэропортко алып келишкен, бирок Яна Стамбулдан Бишкекке учууну пландаган каттам кийинки күнү кечинде гана учмак экен. Яна менен Кира эс алып алууга мүмкүн болгон отель издей баштаган.
«Аэропорттун жанындагы эки отелге кирдик — орун жок. Андан ары бара турган жай жок — алдыда талаа. Аэропорт өзү да алыс калган», — деп эскерет Яна.
Акыры ПЦР-тест тапшыруучу күркөнүн кызматкери алардын Украинадан келе жатканын укканда мейманкана табууга жардам берген. «Ал пицца, круассан алып чыгып, бир термос чайын кызыма сунду. Биздин курсагыбызды тойгузуп, унаасына салып [мейманканага] жеткирди — дейт Яна. — Мен дагы жашыдым — ал кыз бизди жеткирүү үчүн жумушун таштап чыкты. Ал дүрбөлөңгө түшүп сурады: “Are you okay? (жакшы элесиңби?) а мен болсо, ыйымды токтото албайм».
Яна кызы менен мейманкананын эртең мененки тамагына түшсө, башкы ашпозчу бардык качкындарды чогултуп, акысыз украиналык тамак-аш берип, коноктоп жатыптыр. «Ал жерде окрошка бар болчу! Ал ошончо тамак-аш жасаптыр, а биз болсо толтура кишибиз. Мен кайра ыйлап баштадым — ашпоз түнү менен бышырып чыккан тура!» — деп жылмаят Яна.
Тамактанып отуруп ал учакка билет сатып алууга аракет кылган — Стамбул аркылуу эки кишиге билет 900 доллар болмок. Бирок кыргыз төлөм картасы менен төлөөдө мүчүлүштүктөр пайда болгон. Яна аларды жөнгө салганча баалар 1900 долларга көтөрүлүп кеткен. «Испанияга учсаң эки кишиге 200 доллар, ал эми Бишкекке чейин 156 миң сом болот экен!» — деп эстеди ал. Эң эле жеткиликтүүсү кечинде жолго чыккан Болгария аркылуу Стамбулга каттаган автобус экен.
Автобус күтүп отуруп, Яна согуштан качып бараткан киевдик кыз менен таанышып калган. «Ал унаасын жолдо калтырып качыптыр, анткени бомбалоо башталыптыр, андан кийин көпүрө жарылыптыр — баары унааларын калтырып качышканын айтып берди. — Ал кыз аябай коркуп калган экен. Мен андан кайда баратканын сурадым. Ал ийинин кууштуруп: “Билбейм. Стамбулга эле жетип алсам болду, ошол жактан андан ары эмне кылууну чечем” деди. Ал өзү жалгыз турган — колунда күчүгү менен кичинекей баштык. Ал эми мен үч чемодан, кызым мененмин, ошолордун баарын кантип сүйрөп жүрдүм, билбейм…»
Стамбулга чейинки автобус 10 саат жүргөн — чек арадагы узакка созулган кезекти эсепке албаганда. Жолдо качкындарга Кызыл Чырым уюмунун ыктыярчылары тамак-аш беришкен. «Чынын айтсам, жол бою тамак-ашка чыгаша кылган жокмун, болгону жол кире жана турак-жайга акча коротуп жаттым», — дейт Яна.
Түркияга жеткенде ал дароо эле Кираны жетелеп аэропортко жөнөгөн — бир канча жолу аракеттен кийин Бишкекке билет сатып алган.
Стамбул аэропортунда жүргүнчүлөрдө «ковид» боюнча тесттин жыйынтыктарын талап кылышкан — бирок аларды көпкө күтүүгө туура келген, ал эми рейске каттоо үч саттан кийин башталмак. ПЦР тесттин жыйынтыктары деле жарай бермек, бирок Яна тобокел кылып, эксперсс-тест тапшырууну чечкен. Жыйынтыгында лабораториядагы кызматкер анын абалын көрүп, ПЦР тесттен өткөнү тууралуу маалымкат жазып берген.
Яна менен Кира учак менен аман-эсен Бишкекке келип алышкан. Одессадан келүү үчүн жолго он күн кеткен.
«Документтин ордуна курут». Айнагүлдүн окуясы
«Украинада улутчулдар бар дегендерди түшүнө албайм. Мен Одессада үч жыл жашадым — аны баарына айтып берем. Орусияда славян эместерге карата мамиле тууралуу көп уккам — аларды токтотуп, документтерин текшерет экен. Үч жылдын ичинде Украинадан мени эч ким токтотуп, украин эмессиң деген эмес — дайыма орусча сүйлөсөм дагы эч качан дискриминацияга кабылган эмесмин», — деди Айнагүл.
Ал Украинанын жаранына турмушка чыккандан кийин ошол жакта жашап калган. Февраль айында Айнагүл ошол учурда күйөөсү иштеп жаткан Сауд Арабияга барууну көздөп, визага керектүү документтерди тапшырып койгон. «Согуш тууралуу сөз болуп баштаганда эле Кыргызстанга кайтайын деген ой пайда болгон. Бирок күйөөм экөөбүз иштеген агенттиктен бир аз күтүп турууну суранышкан. Бир нече эле күн», — деп эскерди ал.
24-февралда Айнагүл жумуш чатындагы билдирүүлөрдүн үнүнөн ойгонгон. Анын кесиптештери Одессада угулган жардылуулар тууралуу жазып жатышкан. Айнагүл чочулаганын, бирок олуттуу коркуу сезимин али сезбегенин, кайраттуу болууга аракет кылганын эскерет.
Көп өтпөй Айнагүл дагы жардыруунун үнүн уккан. Ошондо ага чыныгы коркунуч сезими келген: «Ички дүйнөм кысылып кетти. Кыргызстанга кайтууну чечтим».
Бирок Айнагүлдүн документтери дипломатиялык өкүлчүлүктө калган — аларды алуу мүмкүн эмес эле, согуштун айынан мекеме жабык болчу. Эч нерсеге карабай Одессадан Молдовага кетүүгө аракет кыла баштаган. Кайненеси чогуу кетүүгө таптакыр макул болбой койгон — улгайып калган энесин жана итин таштай алган эмес.
«Шаардан чыгып баратканда, аба эскертүүсү жок эле, бирок эл коркуп калганы [көрүнүп турган]», — деп эскерет Айнагүл.
Одессадан чек арага чейин эки сааттык жол, бирок Айнагүл чек ара пунктунда түнгө чейин калып кеткен — качкындардын агымы сан жеткис, ал эми чек арачылардын компьютердик системасы бузулуп калган. Айнагүл чек арадан таңга маал өткөн. Бирок, паспорттун жоктугу көйгөй жараткан эмес — чек арачылар жаш кызды ансыз эле өткөрүшкөн.
Айнагүлдү жана башка кыргызстандык качкындарды ыктыярчылар «Манас» этно-кыштагына жайгаштырган. «Молдовадан мекендештерим менен жолукканыма абдан таң калдым — болгондо дагы этно-комплексте, — деп эскерди ал. — Ал жакка бизди акысыз жайгаштырып, тамак-аш менен камсыз кылып жатышты. Эки күндөн кийин борбор калаага кетүүнү чечтим — Кишинёвго чейин дагы 70 км жол бар. Мен докуметтеримди тууралашым керек болчу». Кыргызстанга жетиш үчүн Айнагүлгө убактылуу паспорт керек эле.
Ал Кишинёвдо дагы бир кыргызстандык менен Молдовадан кете албай калган мекендешинин жанына жайгашкан.
«Ошол күнү, бизди келет деп палоо басыптыр, — деди Айнагүл. — Биз тамактанып жатканбыз, бир маалда согуш башталганга чейин Одессадан курут саткан жерди таап алганымды эстеп кеттим! Кичинейкей баладай эле сүйүнүп, өзүмө сатып алып, кайненеме дагы алып келип бергем — ал дагы жакшы көрөт. Ошол кечте биз Украинадан келген кыргыз курутун Молдовада жеп отурдук. Балдар ошондо тамашалап, документиң жок, кийимиң аз, бирок курут менен [келиптирсиң] дешкен».
Убактылуу документ алуу бир аптага созулган. Түркияга эң жакын жол Румыния аркылуу эле — ал жакта Айнагүл качкын деп эсептелгендиктен, визанын кереги жок болчу. Кыргызстандыктарды расмий эвакуациялап жаткан Венгрия өтө эле алыс болчу. Бирок Румыниядагы кыргыз дипломаттары Айнагүл менен байланышта болуп, бардык керектүү маалымкаттарды чогултканга жардам беришкен.
«Өзүмдү чек арада көйгөй жаралат деп даярдап жаткам, анткени паспортум убактылуу болчу да. Атүгүл согуш башталгандан кийин чек араны кесип өтүп, Украинадан чыгып кеткенимди тастыктоочу кагаз чыгарып алгам. Бирок Молдовада да, Румынияда да, Түркияда да мени эч ким токтоткон жок, жалпы качкындардын агымы менен чогу өткөрүп жиберишти», — деп айтып берди ал.
Румынияда Айнагүл каттамын күтүүгө аргасыз болгон — жардамга кайрадан эле мекендештер келишкен. Кыргыз активисттери Бухаресттен ижарага батир таап беришкен. Кыргызстанга келгенден кийин Айнагүл күйөөсүнө жана ишине кайтыш үчүн документтерин калыбына келтирүү менен алек болгон.
Айнагүл согуш бүтсө Украинага барып жашагысы келет.
12 күн бою ок атылып турган. Неллинин окуясы
Окуянын чоо-жайын кененирээк бул жерден окусаңыз болот
Нелли — теги кыргызстандык, бирок акыркы 16 жыл Украинада жашап келген. Анын эки баласы бар, 24-февралга жакын жолдошу экөө Киевдин четинен, Буча шаарынан батир сатып алышкан.
Орусия бастырып кирген күнү, эртең менен Нелли коңшулардыкынан чыккан ызы-чуудан ойгонуп кеткен. «Башталды…» — деген ошол учурда күйөөсү.
Эртең менен согуштун масштабы бүдөмүк болчу — ал тургай Нелли улуу баласын — беш жашар уулун бала бакчага жиберейин деп жаткан, бирок балдар бара турган бардык мекемелер жабылып калган экен. Алгачкы күнү ал тынчызданып жатты, бирок чыныгы коркунуч сезими жок болчу.
«Бирок анан түн кирди, биз батирде калганбыз. Түн коркунучтуу өттү — асмандын жалындап жатканын көрдүк, катуу чыккан добуштардан жана коркконубуздан уктабай чыктык», — деп эскерет Нелли. Жардыруунун добуштары алгач коңшу Гостомелден чыгып жатты — ал жакта аскер аэродрому бар болчу.
Ошондо Нелли кетиш керек экенин түшүнгөн, бирок үй-бүлөнүн бара турган жери жок болчу — дээрлик бардык жакындары коңшулаш жерде же Киевде жашашчу. Ал жактагы абал, мындан дагы коркунучтуу сезилген. Натыйжада Нелли үй-бүлөсү менен Бучада, тааныштарынын үйүндө баш калкалап туруп калган — алар жертөлөсү бар үйдө жашачу. Мындан улам коопсуздай сезилчү.
«Күйөөм эмнегедир Киевдин жанындагы Буча эң коопсуз багыт деп ойлогон экен. [Орус армиясынын] максаты Киевди алуу — дароо Киевди бомбалайт деп ойлогонбуз, — дейт Нелли. — Шаардын чет-жакасында калуу коопсуз деп үмүттөнгөнбүз. Анткени Бучада аскер объектилери жок. Белорустар чек арасын ачып берет деп дагы ойлогон эмеспиз, анткени биз тарапта орус чек арасы жок, жалгыз белорустардыкы. Беларус ушинтип “кошуначылык кылып” жардам берди».
Неллинин үй-бүлөсү баш калкалаган үйдө 15 адам чогулган — бир нече үй-бүлө. Алардын бардыгы Бучага тийбет деп ойлошкон. Бирок кагылышуунун добуштары жакындап, согушка көнбөгөн эл ар бир добуш чыккан сайын жертөлөгө түшүп жаткан. Калган убакта үйдө эч ким жок сымал көрүнүштү жаратууга аракет кылып жатышкан. Неллинин айтымында, кээде кыгылышуунун добуштары күнү-түнү токтобой турган.
Атышуулар күн сайын болуп турду — Неллини эсинде эки күн гана тынч болгону калыптыр. Ушундай күндөрдүн биринде эркектер чуркап чыгып тамак-аш алып келишти — жабылып калган жергиликтүү дүкөндөр азык-түлүктү акысыз таратып жатышкан ал кезде.
Газ, электрэнергиясы өчүрүлгөн — сууктун айынан курткачан уктаганга туура келген. Интернет байланыш таптакыр жоголуп, мобилдүү байланыш кез-кезде гана пайда болуп турган — маалыматтын жалгыз булагы эски радио менен кошуналардын баяндамалары болчу.
«Алар ошол көчөдөгү ырайымсыз окуялар тууралуу айтып берип жатышты, [апрелдин башында орус аскерлери чыгарылгандан кийин жай тургундардын сөөгү табылган көчө]. Биз баш калкалаган үй, кийинчирээк жан кейиткен сүрөттөр тартылган Яблонский көчөсүнө жанаша жайгашкан көчөдө турчу», — деп эскерди Нелли, көз жашын кармана албай.
Анын айтымында, бардыгын түшүнүп калган беш жашар баласынын психикасы үчүн тынчсызданган. Наристе БТР менен танктын добушун айрымалап тааныганды үйрөнгөн. Нелли Бучадан тезинен чыгып кетүүгө үмүттөнүп, бир нече жолу аракеттенген. Бирок аны жанындагылар токтотуп калышкан — жалгыз унаа менен чыгып кетүү абдан кооптуу эле. 5-мартта радиодон коңшу Ирпенде эвакуация болуп жатканы жарыяланган, бирок ал ишке ашпай калган — элди топтоп бараткан автобустарды аткылап салышкан.
Бир нече күндөн кийин Бучада «жымжырт күнү» жарыяланган. Нелли күйөөсү экөө алгач жымжырттыктан пайдаланып кетип калалы деген эмес — ок атуунун алдында калуудан коркушкан. Ошентсе да, эркектер шаарга чалгынга чыгып келишкен. Бирок кийин үрөйү учуп кайтып келишкенин эскерет Нелли.
«Көчөлөрдө жай тургундардын сөөгү жатат, тез арада бул жерден кетиш керек. Борбор жакка унаалар колонна болуп баратышат. Тезинен жыйналалы», — дешкен алар.
Нелли үй-бүлөсү менен баш калкалаган үйдүн кожоюндары улгайган ата-энесин калтыргысы келген эмес, андыктан эвакуация тууралуу ой да болгон эмес. Калгандары унаага «Балдар» деген жазуусу бар ак шейшептерди илип алып, шаардын борборуна багыт алышкан.
Жолдон орус аскерлеринин БТР техникасын учуратышкан (Нелли коркконунан балдарын кучагына кыскан, бирок баары ойдогудай өткөн), алар жай тургундарды эвакуациялоочу унаалардын негизги колоннасына чейин жетип барышкан. Унаалардын көптүгүнөн Нелли колонна кайдан башталганын көрө алган эмес. Алдыда эвакуациялоочу автобустар жүрүшү керек болчу, бирок Бучанын тургундары аларды күтпөй эле, үч сааттан кийин Киевди көздөй жөнөшкөн.
Борбор калаага алып баруучу түз жол талкаланып, колонна айланма жол менен — жада калса, темир жолго түшүп сапар тарткан. Көнүмүш бир саатын ордуна жол тогуз саатка созулган.
«Жолду катар үрөй учурган көрүнүшкө күбө болдук. Аткыланган унаалар, талкаланган жолдор жана адамдардын жулунган колу-буту. Аялдамага жөлөнүп отурган сымал улгайган кишинин өлүп жатканын көрдүм. Ал жерде канча күндөн бери турганы белгисиз», — деп айтып берди Нелли.
Киевге түндө кирип барышкан. Нелли шаар күнүмдүк жашоо менен жашап жатканын көрүп таң калганын жашырбайт: дүкөндөр иштеп, унаалар жүрүп, көчөлөрдө жөө жүргүнчүлөр жүрүптүр.
«Киевде коопсуз экен, анткени шаардын кире бериши жакшы корголуп жатыптыр. Эң көп түйшүк биздин башыбызга түшүптүр — биринчи кадам таштаганда эле биз болгондуктан, бардык соккуну шаардын чет жакасы өзүнө алыптыр», — дейт ал.
Нелли үй-бүлөсү менен андан ары батышка, Львовго барууну чечкен. Ал жактан төртөө досторунун үйүндө — бир бөлмөлүү батирге токтошкон. Кийинки күнү Неллинин жолдошунун ата-энеси да келген — эми орун таптакыр жетпей калган. Турак-жайды ижарага алууга мүмкүн болгон эмес — өлкөнүн чыгышынан келген качкындардын агымынан улам шаарда бош батир калган эмес. Ошондо Нелли Кыргызстанга, апасына кетүүнү чечкен.
Жолдошу Нелли менен бирге өлкөдөн чыга алган эмес — 24-февралдан тарта 18 жаштан 60 жашка чейинки украиналык эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 14-мартта Нелли балдары менен Венгрияга чейинки автобуска отурган.
«Сутка жол жүрдүк, анкени Польшанын чек арасында 12 сааттап кезек күттүк. Ал жакта жергиликтүү ыктыярчылар бизге шорпо беришти. Алар мага жалаяк, суу, тамак-аш, балдарга мөмө-жемиш сунуп жатышты — а менде болсо аларды алганга да мүмкүнчүлүк болбой жатты. Кудайга шүгүр, балдарым ысык тамак ичип алышты», — деп айтып берди ал.
Венгриядан Нелли Бишкекке Стамбул аркылуу учуучу самолётко билет алган. 17-мартта таңкы саат беште алар «Манас» аэропортуна конушкан. Бирок бул баары бүттү дегендик эмес эле.
Согушка чейин Неллинин уулунун паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен болчу. Согуштан улам документтерди кайра жасатуу токтоп калган, бирок Нелли Львов шаарында анын мөөнөтүп узартууга жетишкен — паспорт бөлүмүнүн кызматкери мөөнөтү узартылганын кол менен жазып, кол коюп, мөөр басып берген.
«“А эмне үчүн минтип узартылган? Эмнеге кайра жасаткан жоксуңар?” Мен нес болуп айтып жаттым: “А силер угуп атасыңарбы?”» — деп эскерет Нелли чек арачы менен болгон сүйлөшүүсүн.
Акырында «Бүгүн биз ак көңүлбүз» деп Неллини чек арадан өткөрүшкөн. Ал ушунчалык ызаланып турса да, бир нече мүнөттөн кийин тынчсыздануу менен күтүп жаткан бир туугандарынын жанына жеткен.
Азыр ал үйүндө, бирок Украинага, жолдошунун жанына кайтууну самайт. Бирок Бучадагы үйлөрү жок болуп кеткен болушу мүмкүндүгүн түшүнүп турат.