Элчилик: Орусиянын Москва облусунда 11 кыргызстандык аял жазасын өтөп жатат

Орусиянын Москва облусундагы ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде 11 кыргызстандык аял жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 9-сентябрда элчи Гүлнара-Клара Самат жазасын өтөп жаткан айымдардан кабар алды.

Жолугушууда элчи Орусиянын аймагында соттолгон кыргызстандыктардын өз өлкөсүндө жаза мөөнөтүн өтөөсү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал абактагы айымдардын суроолоруна жооп берди.

ИИМдин маалыматына ылайык, Орусиянын абактарында жалпы 1834 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев кыргыз жарандары Орусияда «Адам өлтүрүүдөн» тарта «Баңгизаттарды таратууга» чейинки ар кандай берене менен соттолгонун айткан.

«Оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча 859 адам, экономикалык айып боюнча 109 адам, баңгизат боюнча 327 адам жазасын өтөп жатат», — деген ал.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата жалпысынан Орусияга 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында барган.