Ош шаарында төрт жаңы линия ачылып, 50 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:
- №10 автобус линиясы — «Амир—Тимур» МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин;
- №9 автобус линиясы — «Туран» МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин;
- №53 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;
- №6 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр авобустардын маршрутун BUS Service мобилдик тиркемеси аркылуу күзөтүп тура алат. Жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.
Ош мэриясынан билдиришкендей, аталган автобустар кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан алынган. Автобустар Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылып, ар биринин баасы 37 миң АКШ долларын түзөт.