Садыр Жапаров Борбор Азия жана Европа биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров 27-октябрда иш сапары менен Астана шаарына барат. Өлкө башчысынын администрациясынан билдиришкендей, Жапаров ал жакта Борбор Азия жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, өлкө лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат.

«Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. [Ошондой эле] президент Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат», — деп кошумчалады Азымбакиев.

Жапаров Астанага жакында эле барып келген болчу, ал жакта Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) катышкан. Аталган сапарынын алкагында Жапаров Орусия менен Тажикстандын президенттери Владимир Путин жана Эмиомали Рахмон менен жабык эшик артында кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча жолугушуу да өткөргөн.

Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ири алкактуу жаңжалдан кийин болгон.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.