Баткендик жаш програмисттер республикалык сынакта биринчи орунду ээледи

Сүрөт: Билим берүү министрлиги

4-ноябрда Бишкекте мектеп окуучулары арасында биринчи жолу республикалык хакатон өткөрүлүп, анда Баткен облусунан келген команда биринчи орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мектеп окуучулары үчүн республикалык хакатонду Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» улуттук инженердик-техникалык академиясы өткөргөн.

Сынакка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 14-17 жаштагы мектеп окуучулары катышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду Баткен облусунун командасынан Шахзод Ахмадов, Кудайберген Кудайбердиев, Умарбек Азисбеков, Мурадыл Жамалидинов жана Элянора Жамалидинова камсыздашты.

Ал эми 2-орунду Ош шаарынын курамасы багындырса, 3-орунду Ысык-Көл облусунун курамасы жана «Алтын түйүн» УБИТА тобу багындырды.

Уюштуруучулар аталган иш-чаранын максаты «балдардын IT багыты боюнча маалыматтык сабаттуулугун арттыруу, алгоритмдөө, программалоо жана кесипке багыттоо көндүмдөрүн жогорулатуу» экенин белгилешти.