Базар-Коргондо айыл өкмөттүн ичиндеги жана банктагы терминалдарды тоноп кеткендер изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда айыл өкмөттүн имаратындагы жана банк филиалындагы терминалдарды тоноп кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январда Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратына орнотулган «Айыл-Банктын» төлөм терминалы белгисиз адамдар тарабынан тонолгону тууралуу арыз түшкөн. Аталган терминалдан болжолдуу 25 миң сом алынганы айтылган.

Ошол эле күнү «Финка Банктын» Базар-Коргондогу филиалынын юристи милицияга кайрылып, банктын Ооган-Талаа айылында жайгашкан кеңсесинин терминалын тоноп кетишкенин билдириген. Ал арызында терминалдан 195 миң 790 сом тонолгонун көрсөткөн.

Аталган фактылар РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда эшик жана сейфтерден кол манжа издери алынып, кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөө жүрүп жатат.

Автору: Альбина Жыргалбек кызы