Ош: Коомдук тамактануучу жайдан 5 млн сомдон ашык акчаны уурдоого шектелип өспүрүмдөр кармалды

Ошто ири суммадагы уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу 3-мартта Ош ШИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, кылмыш 22-январда Масалиев көчөсүндөгү эл көп барган кафелердин биринде болгон. Шектүүлөр түнкүсүн терезе аркылуу кирип, 5 млн сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен.

Шектүү катары 2008-жылы туулган эки өспүрүм кармалды — алардын бири буга чейин 3 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Милициядан шектүүлөр акчаны бекиткен жеринен таап беришкенин, бирок анын 480 миң сомун коротуп коюшканын айтышты.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.