Пропаганда — тирандардын эң башкы куралы. Жашоо-турмуштун деңгээли, технологиялык өнүгүү жана башка факторлорго жараша ал түрдүү жолдор менен колдонулат.

Кээде өлкөнүн башкы телеканалдары, кээде белгилүү радио жана гезиттер аркылуу адамдардын башын айлантышат. Кээде пропаганда туш тараптан жаайт: көчөдөгү жол башчынын портрети, кинематография, көркөм сүрөт, прессанын эфирлери жана жарыялары, чиновник жана саясатчылардын сөздөрү.

Бүгүн XX кылымдын 30 жана 40-жылдары Германиянын элине бүткүл дүйнө «бизге каршы» деп ынандырган нацисттердин пропагандасы жөнүндө сөз кылабыз.

Бул бүтүндөй бир улуттук геноцид кылууга жана адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуштун башатына жол ачкан. Анда 80 млнго чукул адам набыт болгон.