Биз буга чейин фейктер монголиялык манекендердин, казакстандык бизнесмендердин жана якутиялык сулуулардын сүрөтүн пайдаланганы тууралуу көп жолу айтып, көрсөтүп бергенбиз.

Бирок анда фейктер болгону сүрөттөрдү уурдашкан болчу. Анан калса сүрөттөгү чыныгы адам Кыргызстанда жашачу эмес. Демек, аларга зыяны деле тийген эмес. Чынында, фейктер адамдын сүрөтүн, аты-жөнүн эле эмес, өздүгүн уурдаган учурлар дагы бар.

Бүгүн фейктер кыргызстандык кыздын өздүгүн кантип өздөштүрүп алганын жана бул ага кандай зыян алып келгенин реалдуу мисалдын негизинде айтып беребиз.