«Куликов» кондитердик үйүн чакан бизнес деп айтууга болбойт, керек болсо коңшу Казакстандын алкагынан алганда да андай эмес. 1400 адам иштеген компания өткөн жылды 3 млрд сомдук товар жүгүртүү менен жапты жана андан ары өсүп, эл аралык тармакта арышын кеңейтип, кыргызстандык бренддин атын андан ары жайылтып жатат. Ошентсе да, компаниянын негиздөөчүлөрү Бишкектеги эки бөлмөлүү батирде торт бышырып бизнес баштаганын унутушпайт жана продукцияларын өз мекенинде гана чыгарууну улантып келишет.
«Клооп» компаниянын башкы директору Денис Гайворонский менен жолугуп, жаңы гана иш баштаган ишкер «Куликовдун» ийгилигин кайталай алабы, сырткы рынокко чыгуунун сырлары кандай деген суроо узатты.
«Клооп» Made in KG рубрикасынын алкагындагы макалалардын сериясын жарыялай баштады. Анын максаты — ишкердикке жаңы кадам таштаган кыргыз ишкерлерине баалуу кеңештерди берип, бутуна бекем туруп, өндүрүштү жолго салган компаниялардын башынан өткөргөн окуяларын айтуу менен аларга дем берүү. Биз бул долбоорду Германиянын Фридрих Науман фондунун колдоосу менен жасап баштадык.
— Казакстан менен Орусияда азыр канча «Куликов» дүкөнү бар?
– Эң чоң филиалыбыз Алматыда — ал жакта 50 дүкөн бар. Новосибирскте 21 дүкөн бар.
— Эмне үчүн Алматы, ал жагы түшүнүктүү. Бирок эмнеге Новосибирск?
— Баары эле ушуну сурай беришет. 2014-жылы Москвага [рыногуна] кирип, биринчи дүкөнүбүздү ачтык. Ошол кезде эмне болгонун баары жакшы билсе керек: «Крым биздики» деп мунайдын баасы түшүп кеткен. Бир доллар 35 рубль болуп, кийин 85 рублга жеткен, ал эми сом баатырдай бекем турду жана ошол боюнча калды. [Ошол кезде] тортторубуз Бишкекте 500 сом бойдон турду, ал эми Орусияда торттун баасы 350дөн 600 рублга чейин кымбаттады. Аны Москванын сыртындагы нерселер кызыктырбаган москвалыктарга кантип түшүндүрүп бере аласын? Ошондуктан ага чыдап жүрүп, анан кетип калдык.
Бирок ошондо өзүмө: «Ok, макул Москва, фронттон киргизбей койдуң, ооруктан кирем» деп айткам. Дал ошол биз кире турган каалга Сибирь болот деп эсептедик. Новосибирскти анализдеп баштадык. Ушул суук аймак — Орусияда кофе менен чай ичүү боюнча Орусияда №1 экенин аныктадык. Ал эми чай бар жерде торт да болот эмеспи. Буга кошумча эң чоң диаспора бар: 2,5 млн калкы бар Новосибирскте, Москваны кошпогондо, расмий 180 миң кыргыз бар.
Үчүнчү фактор — өтө маанилүүсү болушу керек. Өзүбүздө кофе багытын өнүктүрө баштаганыбыз. Ал эми кофени ташыган, өнөктөштөрүбүз да Новосибирсктен болушат. Биз аларга [кофенин] куурулушун көрүү үчүн бардык, алар да бул жака келишти жана учак менен кетип жатышканда туугандарына ооз тийгизүү үчүн продукциябызды алып кетишти. Анан жогору жактан мындай белги келип жаткандан кийин, жасап көрөлү дедик.
«Алматыда сүт азыктары менен эттин мыктысы Кыргызстандан келет деген ишеним бар».
Бирок дал ошол учурда экинчи форс-мажор болуп кетти. Биз 2019-жылы декабрда Новосибирсктин рыногуна кирип, биринчи дүкөндөрдү ачтык. Эки айдан кийин вирус [COVID-19], пандемия башталып кетти. Бул жактан чыга албай, эч кайда уча албай калдык. Бирок кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Мен негизги тапшырма — адамдарды эмоционалдык жактан кармап калуу экенин түшүндүм. Биз аба концентраторлорун сатып ала баштадык, 160 миң С витамининин блистерин сатып алууга тапшырма бердим, аларды күн сайын кире бериште [ишкананын кызматкерлерине] берип турдук.
Көпчүлүк учурда бул көңүл жубатуу экени түшүнүктүү, бирок эмне үчүн «Дүйнө туңгуюкка түшүп баратат, баарыбыз өлөбүз» деп отуруш керек? Ишти улантыш керек. 2020-жылы аралыктан туруп, онлайн-режимде, кесиптештер жана өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен Новосибирскте 12 дүкөн ачтык. Башкача айтканда, ар ай сайын бирден дүкөн ачып жаттык. Бул биздин командага абдан жардам берди, бир дагы жумушчуну жоготкон жокпуз.
— Башка багыттарчы, Өзбекстанды караштырып жатасыздарбы? Калк көп эмеспи…
— Албетте. Былтыр август айында Ташкенде биринчи дүкөнүбүздү ачтык. Учурда ал жерде жети дүкөн бар.
— Суроо-талап кандай?
— Суроо-талап азырынча азыраак, анткени өзбектердин да өзүнө таандык менталитети бар. 30 жыл бою жабык өлкө болуу кандай экенин элестетип көрө аласызбы? Алар көп нерседен чочулашат, ишенишпейт, жаңы нерселерге этияттык менен карашат. Буга кошумча, аларда «сарафан радиосу» деген түшүнүк жок. Алар бири-бирине анчейин ишенишпейт: тууганы даамдуу торт жеп көргөнүн айтса, анын эмнеси бар экен деген мамиле жасалат.
Анткен менен, алар коомдук пикирдин лидерлерине өтө ишенишет, бул жааттан алар кытайларга абдан окшош. Мен негизи эле Өзбекстан Борбордук Азиядагы Кытай деп айтат элем. Анткени, мисалы Кытайда кандай: Си Цзиньпин Путиндин балмуздагын жеди десе эле болду, баары орустардын балмуздагын сатып алышат. Өзбекстанда деле ушундай көрүнүш. Эгер өлкөнүн жарым калкы катталган кайсы бир таанымал блогер мактап койсо — болду ишенишет.
— Мындан арычы? Экспансиянын башка багыттарын аныктадыңызбы?
— Учурда сыноо иретинде продукциябыздын бир партиясы Дубайга жөнөтүлдү. Учак менен төрт паллет (өндүрүм) жөнөттүк, эки айдан бери ал жакта маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тоңдурулган азыктарыбызды Германия менен АКШга жөнөтүүгө даярданып жатабыз.
— Тоңдурулган?
— Ооба. Чизкейктер, кичинекей стакандардагы дессертерибиз жасалуу технологиясы боюнча тоңдурулган азыктар болуп эсептелет. Фирмалык дүкөндөрүбүзгө кирсеңиз залдын ортосунда десерттер салынган [муздаткыч] бонеттер турат, аларда -18 градус. Биз консерванттарды пайдаланбайбыз, биздин продукциябызды сактоочу — суук. Бул химиялык азыктарды жегенге караганда жакшы да.
— «Куликовдо» бир принципиалдуу позиция бар: иштин 80%ы кол эмгеги менен, 20%ы гана механиканын жардамы менен жасалат. Эмне үчүн?
— Бул биз кол эмгегин принципиалдуу кармангандыктан эмес. Болгону табигый азыкты автоматташтыруу мүмкүн эмес. Автоматташтыруу плунжерден (поршень) өткөрүү үчүн азыктын бир тектүүлүгү жогору болушун талап кылат. Ал эми мындайга жетүү үчүн эмульгаторлорду, стабилизаторлорду жана башкаларды кошуу керек болот.
Айланабызда ансыз деле химиялык азыктар көп. 2016-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жер планетасындагы 92% калк табигый азыктарды жебей турганын билдирген. Себеби чекене соода (ритейл) узак мөөнөткө сактоону талап кылат. Мисалы, Кытайда супермаркеттерге сактоо мөөнөтү бир жылдан аз болгон продукцияларды сата албайсың. Биздегидей «алты күндүк» сүттү ал жакта таба албайсыз.
«Биз өлкө катары көңүлүбүздү тамак-ашка байланышкан нерселерге буруп, ошо менен алектенсек, түбөлүгү жакшы болот»
Бизде, терезени карасаңыздар – эмнени көрүп жатасыз? Эмне менен биз сыймыктанабыз, гимнде эмне жөнүндө сөз болуп жатат? Көк мелжиген чокулар, таза суу, кең жайлоо. Алматыда айтышат экен: сүт менен эттин эң жакшысы Кыргызстандан келет. Ташкенде сурасаң: эттин 40-50% Кыргызстандан келет дешет. Совет учурунда Ленинград жана облустарга 80% эт Кыргыз ССРнен жөнөтүлчү.
Ошондуктан Кыргызстандагы бизнести тамак-аштын айланасында жүргүзүү керек. Мен Жогорку Кенештин деңгээлинде сунуштагам: «Кыргызстан – органикалык тамак-аштын өлкөсү» деген улуттук брендти жайылталы дегем. Бул түбөлүк бизнес болот, анткени жаныбызда 1,5 млрд адамдын ичинен 1,2 млрды таза тамак жей албаган Кытай өлкөсү жайгашкан.
Эгерде биз мамлекет катары, тамак-ашка байланыштуу бардык нерселер менен концептуалдык түрдө иштеп баштасак, бул алтын кен болот. Азыр деле капиталың жок болсо, өзгөчө акылың жок болсо, мурасың жок болсо деле, Бишкектен 20 километр ары чыксаң – канча талаа бош жатат! Бир нерсе өстүрүп башта, бир-эки уй сатып ал. Сен өнүккөндө мен сенден сүт ала баштайм.
Биз дагы да болсо кайра иштетүүгө көңүл бурушубуз керек. Бир жолу мен иштер менен Экономика министрлигине барып калдым, ал жерде отузга чукул дыйкандар ызы чуу салып жатышыптыр. Алардын картошкасын Орусияга киргизбей жатыптыр – паразиттер бар имиш. 3 миң долларлык бир «Камаз» картошканы Новосибирске жеткирүү өзү эле 3 миң доллар турат. Алар эми эмне кыларын билбей отурушат.
Мен туруп аларга айтым: эмнеге силер ал жака чийки картошка жөнөтөсүздөр? Бардыгы эле пюре, чипсы жешет го. Бул жерде силер 30 адамсыңар – сүйлөшүп чипсы чыгарып баштагыла. Анын [чипсынын] килограммы 20 эсе кымбат турат, ал эми транспортировкасы өздүк баасынын 50-100%ын эмес, 5-10%ды түзөт. Азыр КМШ өлкөлөрүнөн 220 млн адам Pringles жешет, аны чипсы деп деле аташ кыйын. Эмне үчүн биз өзүбүздүн органикалык чипсыбызды жей албайбыз?
– Болдубу анан?
– Анан мен бир ишкананын өнүгүүсүнө жардам бердим. Ал «Пир» ишканасы. Мен аларга кеңеш бердим, ребрендинг түздүм, технологияны курууга жардам бердим.
– «Куликов» эки бөлмөлүү үйдөн башталган. Эгерде ишкананын өнүгүп баштаган мезгилин эстесек, жаңы баштап келе жаткан ишкерлерге кандай кеңеш бересиз – Кыргызстанда өнүгүшү үчүн?
– Биринчи кеңеш – жүгүртүүдөн түшкөн пайдага тийбеңиз. Бүт көйгөйлөр бизде кайра инвестициялоо маданияты жоктугунан башталат, акча айлантуу жана капитал өстүрүү маданияты дагы жок. Акча түшүп баштаса эле – стандарт, салттар кысып башташат. Үй сатып алыш керек, сөзсүз унаа алыш керек деп. Жок! Акчан болсо дагы үй алба. Ижарага алган үйүңдө жашап, акчаны көбөйткөндү уланта бер.
«Куликовдо» «60-20-20» формуласы иштейт. Кирешенин 60%ын дайыма капиталдык чыгымдарга кетиребиз — дүкөндөр, жабдуулар, цех курабыз. 20%ын дайыма оборотко жумшайбыз – бул бизнестин каны. Эгерде жүгүртүүдөгү капиталыңызды көбөйтүп турбасаңыз, кассада акча жок калат: товар сатылбай, ал эми жеткирип берүүчүлөргө карыз болуп каласың. Ооба, менин кампамда азыр 5 млн долларлык чийки зат, товар жана таңгак жатат, бирок бул тирүү акча эмес. Ал эми анын акыркы 20% гана дивиденд катары ала аласыз. Эффективдүү бизнестин модели дал ошондой болот. Эгерде бул 1000 доллар болсо, анда демек сиз ошондой иштеп жатасыз.
Экинчи кеңеш – колуңузда болгон нерсени жоготуп алуудан коркпоңуз. Өзүнүзгө айтыныз: бизнесте мени менен болуп кетчү эң жаман нерсе – бул акча жоготуу. Эгерде сиз аны жоготуп алсаңыз, анда сиз ага [акчага] ээ боло алдыңыз. Эң незизгиси – өзүңүздү жоготпоңуз. Жоготуп алуу коркунучу өнүгүүнүн жолун тосот, баарын текшерип турганды талап кылат, баарын өзүңүз жасайсыз жана бардыгын туугандарыңызга жүктөйсүз. Анткени алар «таштап кетишпейт». Ооба, жакындарыныз балким сизди таштабайт. Бирок ал эксперт эмес, анын компетенциясы жетиштүү эмес. Ошондуктан жоготуу тобокелдигине барып бирок өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алуу керек? Бизнес – бул жүз пайыздык тобокелдик, ал ар дайым боло турчу нерсе.
— Кыргызстандагы чакан бизнес сырткы рынокко чыга алабы? Ал үчүн эмне керек?
— Биринчиден — дымагыңа адилет баа беришиң керек. Адамдар сырткы рынокко кантип чыкса болот деп сурашканда, мен аларга суроо узатам: а сиз кимсиз? Эгер мен сизди билбесем, демек сизге экспорт кыла турган жол жабык. Сиз өз үйүңүздө бутуңуздан турмайынча, башка жакка чыгуу эртелик кылат. Ишеним, репутация, бедел, көлөм жана көрсөткүчтү багындыр, андан кийин ары жылыш керек. Эгер сиз өз жериңизде түшүнгөн болсоңуз, коңшу рыноктун керектөөчүлөрүн түшүнө баштайсыз.
Кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн биринчи эле тышкы рынок — бул Казакстандын базары. Ал жактын керектөөчүлөрүнүн 98%ы биздикиндей эле. Бул 7 миллиондук калктан 19 миллиондукка өтүүгө мүмкүндүк берет. Качан ал жерден капиталыңды өстүрүп, керектөөнү анализдеп алгандан кийин, Орусия кирүү керек. Ал жак болжол менен 40%га башкачараак болот. Бирок эгер сен талапка ылайык товарды сунуштай алсаң анда — welcome. Кудай буюрса, ошол рынокту талдап чыгууга 20 жыл жетиштүү. Андан кийин анан калган дүйнөнү карап көр.
— Бул жактагы рыноктун Казакстан менен Орусияныкынан негизги кандай айырмачылыгы бар?
— Негизги айырмачылык маданиятта. Орусияда балдар чоңоюп, кетип калышат, ал эми карылар өз алдынча жашайт. Эң жакшы дегенде балдары ата-энесин туулган күнү менен куттуктап чалганы. Ошондуктан Орусияда 450-500 граммдык гана тортторду сатып алышат, ал жакта үй-бүлөлөр чакан.
А бизде же Казакстанда [үйгө] конокко барсаң бери дегенде беш жээниң ары-бери чуркап жүргөн болот. Торт алып барсаң эле — дароо чакан той болуп кетет. Кыргыз үйүндөгү негизги бөлмө — бул 12-15 кишилик стол коюлган чоң зал. Ошондуктан Алматы менен Бишкекте эң көп таралган торт — эки килограммдык «Гранд» .
«Акча болсо эле — үй, унаа алышат. Андай болбойт! Каражат болсо дагы батирде жашап, акчаны айлантууну улантуу керек».
Негизи, трайбализм — биздин шорубуз дагы, артыкчылыгыбыз дагы. Бир тарабынан, бир нерсеге жетишсең туугандарыңды тартышың керек. Экинчи жагынан, жашооңдо көйгөй болсо колдой турган кишилер бар.
— «Куликов» экологиялык жактан жоопкерчиликтүү бизнес деп атай аласызбы?
— Албетте. Мисалы, биз жалаң пластик таңгактарды пайдаланганга аракет кылабыз. Эмне үчүн картон эмес? Анткени картон таңгак пластикке караганда экологиялык жактан тазалыгы азыраак. Картон азык таңгактарын кайра иштетүү мүмкүн эмес, анткени анын курамында азыкты сиңирбей турган плёнка бар. Таза картонду кайра иштетсе болот, бирок ага азык сала албайсың — ал нымдуулукту сиңирип, шишип кетет.
Ал эми пластикти кайра иштетсе болот. Ушул жерде тактап кетүү керек, биз ПВХ эмес, ПЭТ түрүн пайдаланабыз. Ооба, андан таңгак жасоо эки эсе кымбат болуп калат, бирок кайра иштетилет. Мындан улам биз тангактарга аң-сезимдүү түрдө көбүрөөк каражат коротобуз. Ошондуктан биздин таңгактарды Бишкекте активдүү түрдө чогултушат. Бул бизнес — «Кока-Коланын» бөтөлкөсү үчүн кайра иштетүүчүлөр бир жарым сом төлөшсө, биздин таңгактарга беш сомдон төлөшөт. Булардын баары пресстелип, жүктөлүп, Кытайга жөнөтүлөт.
Анан дагы биз таштандыларды, зыянды азайтууга аракет кылабыз. Жаңы цехибиз рекуперацияга негизделген: муздаткычтар иштегенде бөлүп чыгарган жылуулук биз жууна турган душтагы, кол жууй турган суубузду жылытат.
— Социалдык жоопкерчилик боюнча кандай ойдосуз?
— Ооба, биз “аппак”, мыйзамдуу компаниябыз. Биздин торттор айрым атаандаштарга караганда кымбат болгону да ошондон: 500 сомдук торттун басында 70 сом — бул салык. Эгер сапаттуу медициналык кызмат алууну кааласаң, балаң окуган класста 50 окуучу болбосун десең салык төлөш керек.
Биз кызматкерлерге акысыз тамак беребиз, ишканада бардык жерде дары дармек кутусу, дарыгер жана аба тазалагычтар бар. Эмгек өргүүсү, балалуу болгондогу же ооруп калгандагы күндөрү толук төлөнөт. Өргүүгө милдеттүү түрдө чыгышат — бул эрежени мен 2012-жылы, компанияны жетектеп баштаганда киргизгем. Мурда эс алууга чыкпай эле, акчалай кенемте алып алса болчу экен. Буга тыюу салдым — ар бир адам эс алышы керек.
12 саат бою иштегенге дагы тыюу салынган, бизде расмий 8 саатык иш күнү. Бул ойлонулган чечим: ашыкча иштөө менен адам кызыгуусун жоготот жана натыйжалуулугу абдан төмөндөйт.
— Сиз кызматкерлериңизге work-life balance сакталсын деп кенемте алууга тыюу салган экенсиз. Ал эми маянасы жашоого кенен эле жетеби?
— Адам ушундай жандык, ага канча төлөбө, дайыма аздык кылат. Сен айлык акысын жогорулатасың, адам керектөөсун көбөйтөт — бир жылдан кийин, дагы көбүрөөк болушун каалайт. Кээ бирөөгө 30 миң сом жетет, кээбирөө iPhone 11д iPhone 14кө алмаштыргысы келет. Ошол себептен мен мындай деп айтайын: айлык боюнча биз рыноктун ичиндебиз. Биздин HR- дирекция ар дайым рынокту мониторинг кылып турат.
Жыл жыйынтыгын чыгаруучу жыйналышта, 2023- жылдан тартып айлык акыны 15%га индексация кылганыбызды жарыяладым — компаниянын бардык кызматкерлерине карата. Мындайды топ-менеджерлер дагы күткөн эмес, бирок мен бул чечимди кабыл алдым, анткени бир жыл аралыгында жашоо-турмуш болжол менен ошол баага кымбаттады.
— Компаниядагы орточо маяна канча, айта аласызбы?
— Дароо айтуу татаалырак, айлык ар кимдики ар кандай. 30 миңдин тегереги окшойт, болжол менен. Бизде шыктандыруучу да система бар: кызматкер кандайдыр бир ноу-хау ойлоп тапса акча төлөнөт. Мисалы, адам жөнөкөй нерсе ойлоп тапты — камыр жуурулуп аткан механизимдин кырына түтүк жасады дейли. Мурда кичинеден жерге төгүлүп аткан унду, биз азыр түтүктөн чогултуп алып, кайра колдонобуз. Мындай караганда майда-чүйдө, бирок өндүрүштүн масштабында кыйла эле үнөмдөлөт. Айрымдар мындай сунуштары үчүн 300-400 миң сом сыйакы алышат.