Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында биринчи жолу Ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу 20-апрелде Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордун расмий ачылышына Салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.
Тейлөө борборунун негизги максаты — мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана аларды алуу мөөнөтүн кыскартуу. Ошондой эле ишкерлерге сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.
«Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Борбордо Салык кызматынан тышкары төмөндөгү мамлекеттик органдар жана уюмдар кызмат көрсөтөт:
- Банктар;
- Юстиция министрлиги;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Баалуу металлдар департаменти;
- Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы;
- Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору, жана башка.
Ишкерлерди тейлөө борбору 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында дагы иштей баштаган.