Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 сапка төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түштү. Өткөн жылы 72-орунду камсыздаган.
Бул рейтингди «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму 3-май — Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялады.
Аталган рейтинг 180 мамлекеттеги журналисттер иштеген шарттарды, абалды, коопсуздукту анализдеп чыккан. Ага ылайык, 31 өлкөдө «олуттуу кырдаал», 42 өлкөдө «кыйын абал», 55инде «көйгөйлүү», 52синде «жакшы» же «канааттандырарлык абал» болгон.
Кыргызстан кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу өйдөрөөк. Бирок жаңы рейтингде 122-сапка ылдыйлап кеткени Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң чоң өзгөрүү. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерлик эмес.
Уюм акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарууга аракет кылып жатышканын белгилеген. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Конституцияны, ошондой эле эл аралык келишимдерди бузган жана басма сөз эркиндигин чектеген жалган маалыматтын жайылышын чектөө боюнча мыйзамга кол койгон.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги
Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 2022-жылга сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берип, Кыргызстанда сөз эркиндигине басым уланып жатканын белгилешкен.
Уюм өткөн жылы өлкөдө «сөз эркиндиги сокку астында калганын» жана бир катар көз карандысыз журналисттер, блогерлер жана ЖМКга карата кылмыш иштери козголгонун айтышкан.
Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганы, «Азаттыкты» жабуу, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул саясатчылардын, активисттердин камакка алынышы далил боло алат.
Бирок буга карабастан бийлик өлкөдө эч кандай сөз эркиндигине басым жок экенин айтып келишет. Алардын айтымында, «Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө, анда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок».