Бөлүп төлөө шарты менен үй сатып алууда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн алууга уруксат берүү сунушталды

Өлкөдө жарандарга бөлүп төлөө шарты менен турак жай сатып алууда алгачкы төлөм үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн алууга уруксат берүү сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору пенсиялык фонддун 2% өлчөмүндө топтолмо каражатын пайдалануу менен жеке турак жай сатып алууну каалаган жарандарды колдоо жана Мамлекетик ипотекалык компаниянын жүгүн жеңилдетүү максатында иштелип чыкканы айтылат.

«Рынокто турак жайды 5 жылга чейин пайызсыз узартып төлөө менен сатуучу курулуш компаниялары көп. Турак жайды пайызсыз бөлүп-бөлүп сатып алууну каалагандар көп, бирок көбүнчө алар жетиштүү баштапкы төлөмдү, көбүнчө жалпы нарктын 30%ын төлөөгө туш болушат. Бул түзөтүү жарандарга ашыкча төлөбөстөн жана пайыздык төлөмдөрсүз турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет», — деп айтылат маалымат-негиздемеде.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөдө үй-жайы, аны сатып алууга каражаты жок үй-бүлөлөр көптүгүнө байланыштуу иштелип чыккан.