Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү келишимге кол койду. Бул тууралуу 22-майда президенттик администрациядан билдиришти.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, келишим Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын TBEA компаниясынын ортосунда кол коюлду. Документке президент Садыр Жапаровдун 17-20-майга чейин Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кол коюлду.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги келишим жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу тууралуу болуп жатканын билдирди.
«Долбоордун негизги максаты келечекте Кыргызстандан Кытайга 220-500 кВ электр берүүчү аба чубалгыларын куруу. Электр энергиясы ички керектөөчүлөрдү толук камсыз кылып бүткөн соң, Кыргызстандан Кытайга ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк берет», — деп билдиришти ведомстводон.
220-500 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын Жалал-Абад облусундагы «Датка» көмөк чордондон «Эркечтам» чек ара пунктуна чейин өткөрүү пландалып жатат. Ошондой эле Нарын облусундагы «Ак-Кыя» көмөк чордонунан «Торугарт» чек арасына чейин аба чубалгы куруу варианттары каралууда.
Министрликтен TBEA менен келишимге компания «финансылык жана техникалык ресурстарга, тажрыйбага жана компетенцияга ээ экенине» байланыштуу кол коюлганын баса белгилешти.
ТВЕА эмне болгон компания экен?
TBEA — өлкө бийлиги Бишкек ЖЭБди реконстурциялоо ишине тарткан компания. Компания долбоор үчүн субподрядчикти өзү тандап, жабдууларды өзү сатып алган.
Компаниянын расмий сайтында TBEA’нын Кытайда 18 өндүрүштүк өнөр-жай паркы бар экени, дагы үчөө чет өлкөдө экени айтылат. Ошондой эле анын сайтында компания Пакистанда 100 мВттык күн электростанциясын жана Чыгыш Шиңжаңда электр энергиясын берүү боюнча станция курганы көрсөтүлгөн.
Бишкек ЖЭБдеги модернизацияны компания 2017-жылдын августунда аяктап, көп өтпөй эле 2018-жылдын январында борбордук жылуулук берүү борборунда авария болуп, анын айынан шаардыктардын көпчүлүгү катуу чукта дээрлик бир жума жылуулугу жок отуруп калган.
Авария болгондон кийин парламент депутаттык комиссия түзүп, ал көптөгөн терс тыянактарды чыгарган, анын баарында TBEA’нын аты аталган.
Мисалга комиссия Кытай компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын укуктары жазылган эмес, андан сырткары, ошол убакта президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБдин модернизациясы үчүн ТВЕАны жалданмачы кылып тандоого «кыйла эле таасир эткен» деген бүтүм чыгарган.
Комиссиянын бүтүмүндө Кыргызстандын үч министрлигинин ТВЕА менен түзүлгөн келишимге сын-пикири болгону, бирок алар эске алынбай модернизация үчүн 500 млн доллар өлчөмүндө кредиттик макулдашууга кол коюлганы дагы айтылган.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
Бийлик буга чейин электр энергиясы тартыш болуп жатат деп айтып келгенине карабастан Энергетика министрлигиндегилер электр энергиясын экспорттоо тууралуу келишимге келечекке ыктап кол коюшканын айтышууда.
Майы айында Улуттук энергохолдингдин башчысы Талайбек Байгазиев бийлик 2023-жылы кыш мезгилинде өлкөдө электр жарыгы өчпөйт дегенге жүз пайыз кепилдик бере албайт деп айткан.
Мындан тышкары, Кыргызстан буга чейин Казакстандын Бирдиктүү энергетика системасы аркылуу транзит менен Орусиядан электр энергиясын ала баштаган. Буга чейин 2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров өлкөдө электр тармагы чоң кризисте турганын, ошондуктан электр энергиядагы тартыштыкты импорттун эсебинен жабууну каалап жатышканын айткан.
Бирок азыр эми Энергетика министрлиги башкача айтып жатат.
«Ички керектөөчүлөрдөн ашып калган электр энергиясын алар кимге сатат? - деген суроо жаралат. Мына ушул багытта алдын ала мамиле куруп кою максатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп айтылат Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө.