Орусияда соттолгон кыргызстандыктардын ата-энелери балдарын Кыргызстанга экстрадиция кылып алып келүүнү суранышты. Бул тууралуу алар миграция боюнча тегерек столдо айтышты.
Алардын айтымында, Орусия абактарында соттолгондордун саны расмий статистикага караганда алда канча көп.
«Балдарыбызды силер согушка түртүп жаткандай болуп атат да. Алар кайтпай калышы мүмкүн да. Ата-энелердин атынан балдарыбызга мекенге кайтууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранабыз. Дүйшөнбүдөн тартып жалпы режим бере башташыптыр: бир күн эки деп [эсептелип]. Мейли, аларга катуу режим бергиле. Ооба, биздин балдар күнөөлү, бирок мен дагы баламды көргүм келет», — деди Орусияда соттолгондордун биринин энеси.
Ата-энелер бийликке мектептерде миграция сабактарын киргизүүнү сунуштап, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Жогорку соттун ишине нааразычылыгын билдиришти. Алар аталган эки мекеме алардын көйгөйүнө көңүл бурбай жатышат дейт. Ошондой эле ата-энелер балдары менен көрүшүш үчүн Орусияга иштеп кетүүгө аргасыз болуп атканын белгилешти.
«Көбү баңгизат менен колго түшкөндөр. Жапжаш балдар. Айрым жаш кыздар бул тууралуу ата-энесине да айтпай жүрүшөт. Уялышат. Ошондуктан кээ бир дайынсыз болуп аткан кыргызстандыктар Орусиянын түрмөлөрүндө жатышат. Ал жакта байдын балдары жок, баары карапайым, айрымдары — үй-бүлөнүн жалгыз кулундары. Балдарынын жанында болуу үчүн ата-энелер пол жууп, абака тамак киргизүү үчүн Орусияга барганга аргасыз», — деп кейиди энелердин бири Гүлмира Шакенова.
Дагы ата-эне Орусияда бир бала сегиз жылга соттолгонун билдирди.
«Ал [мекенине] кайтып келерине ишенбейт, Украинага [согушка] барарын айтты», — деп билдирди ал.
Консулдук департаменттин директору Алмаз Букалаев 2023-жылдын башынан бери Орусиянын абактарынан 19 кыргызстандык экстрадицияланганын билдирди. Андагы маалымат боюнча, дагы 38 кыргызстандыкты мекенине которуп келүү иши күтүлүүүдө, ал эми 459у айыптуу киши экстрадициядана баш тарткан.
Украинадагы согушта каза болгон кыргызстандыктар
Май айында Орусиянын абагында жазасын өтөп жаткан кыргызстандык Актилек Кадыров Украинанын катуу кармаш болуп жаткан Бахмут шаарында каза тапканы белгилүү болгон.
Курман болгон 28 жаштагы кыргызстандык «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен. Кадыров 2020-жылдан бери камакта отурган, тергөө иштеринин созулуп кеткенине байланыштуу 2022-жылы гана аны алты жылга кесүү боюнча соттун чечими чыккан.
27-январда кыргызстандык Аян Алишеровдун өлүмү тууралуу белгилүү болгон. Ал 2022-жылдын 4-ноябрында азыр орус армиясы басып алган Донецк облусундагы Бахмут шаарында каза тапкан.
Ал эми 1-февралда «МедиаХаб» Орусияда соттолгон Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов тууралуу видео жарыялаган. Анда ал 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы айтылат. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилген.
15-февралда дагы бир кыргыз жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоевдин Украинадан сөөгү келгени белгилүү болгон. Чолоевдин жакындары ал Орусиянын камагында жаза өтөп жатып, ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка кеткенин «Азаттыкка» билдиришкен.
Ал эми 11-майда дагы бир кыргызстандык Чыңгыз Изабеков Украинадагы согушта каза болгону кабарланган. Орус абагында жаза өтөп жаткан Изабеков да ЧВК «Вагнер» аркылуу согушка тартылган.
26-апрелде балдары Орусиянын абактарында отурган 30 чакты ата-эне бийликке кайрылган. Алар президент Жапаровдон «баңгизат ташыган» деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого жардам сурашкан.
Ата-энелер балдары курьерлик жумушка киргенден кийин эле «Орусиянын мафиясына жем болуп, баңгизат менен кармалып жатканын» белгилеп, абактагы мигранттар Украинадагы согушка тартылат деген тынчсызданууларын белгилешкен.
Апрелде Орусия ЖМКсында Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттарды Украинадагы согушка тартуу жүрүп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон.
Андан тышкары, борбор азиялык мигранттар Орусия Украинада басып алган жерлерде окоп казууга же жардыруу жана аткылоодон кийин кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерине чакырылып жатканы маалым.