Жактоочу: Түлеевдин иши боюнча сот ноябрдын ортосунда болот

«Коррупцияга» тиешеси бар деп айыпталып жаткан Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жактоочусу ал жактоого алган депутаттын иши боюнча соттук процесс иштин материалдары менен таанышып чыккан соң, ноябрдын ортосунда башталышы мүмкүн деп болжолдоодо. Милиция Түлеевдин иши боюнча тергөөнү 1-ноябрда аяктаган.

Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов депутаттын экинчи жактоочусу менен бирге иштин материалдары менен таанышып баштагандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Келээрки аптанын аягына чейин иштин материалдары менен таанышып бүтүп, тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндөгү документке кол коебуз деп ойлойм. Андан кийин ишти Башкы прокуратурага жиберишет, ал жактан бекитилгенден кийин сотко жөнөтүлөт», — деп түшүндүрдү Баратов.

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын июнь айынын аягында кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Депутат биринчи иши боюнча 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Башкы прокуратура Түлеевге карата экинчи кылмыш ишин 15-августта, Жогорку сот депутатты тергөө абагынан үй камагына бошотуу чечимин чыгаргандан кийин козгогон — бул кылмыш ишине байланыштуу мурунку мэр тергөө абагында калтырылган.

Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

Депутаттын өзү айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Бермет Момункулова

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды