Сүрөт: Акылай Курманова, «Клооп» үчүн

Бишкектин мээ кайнаткан ысыгында кайда барып суусун кандырууну ар бирибиз билебиз: шаардын кымгуут көчөлөрүнүн кесилишинде максым, чалап жана квас куюлган чаначтар дайыма болот. Ал эми компаниянын эн тамгасы түшүрүлгөн күндөн коргоочу чатырдын алдында жылмайган жылдыздуу эжелер суусундук куюп олтурган болот. Кыргызстанда гана бар салкындатуучу суусундукту чөйчөккө мелт-калт куюп берет, ал эми акчасы деле аз эле. Бул кең пейил айымдар кимдер? «Клооптун» кабарчылары шаар аралап шоро саткан эжелердин «ал-акыбалын» сурап чыгышты.

90-жылдардын башында бир тууган Эгембердиевдердин «Шоро» компаниясы улуттук суусундуктарды кеңири сатуунун пионери болушкан.
«Шоронун» негиздөөчүлөрү Таабалды жана Жумадил Эгембердиев.

Бүгүн улуттук суусундукту атаандаш компаниялар, мисалы «Артезиан» компаниясы деле сатат, бирок эл арасында баарын эле «шоро-эжелер» деп атап калганы ушундан.

«“Шоро-эжелер” деген биздин кулагыбызга жакшы эле угулат. Көп деген жакшы сөздөр айтылат: “Күздө “шоро-эжелердин” бардыгы жылуу жакка учуп кетти деп. Кайра [жумушка] чыгып калсак, элдин баары сүйүнөт: “шоро-эжелерибиз” чыгышты, жаздын келгенинин белгиси деп» — дейт Төмөнкү Жалдагы чаначтардын жанында ыңгайлуу жайгашып алган Махира эже (аты өзгөртүлдү).

«Суусундук куюп берүү бир жерди жууп-тазалагандай оор жумуш эмес да, бул оңойураак»

Гүлкайыр эже 35 жашта — анын курагы бүгүнкү Бишкектеги абанын температурасына бир аз жетпейт. Чүй проспектисиндеги «Детский мир» соода борборунун маңдайында кызыл түстөгү атайын кийим кийип отурган бул келин — чыныгы салкын аралчадай. Гүлкайыр сүйкүмдүү жылмайып, ысыктан чаңкап, өз кезегин күтүп жаткан кардарларга суусундук куюп узатып жатты.


Сүрөт: Акылай Курманова, «Клооп» үчүн

«Жумуштун эң жаккан жери — кардарлар менен баарлашуу, — дейт Гүлкайыр кардарларды узатып жатып. — Көңүлдүү. Карагылачы. Мисалы, бир жерде тазалоочу болуп иштедиң дейли э? Дааратканаларды, бардык жерди тазалоо керек, кыжырың келет туурабы? Анын ордуна бул жерде отуруп иштейсиң. Бул жер таза, болгону [суусундук] куюп бересиң. Бир жерди тазалабайм да. Суусундук куюп берген оңой эле. Куюп берип, кардарды сылык узатып коёсуң. Туурабы?»

Гүлкайыр кардарларга кылган мамиле анын жумушундагы негизги эреже экенин айтат.

«Ар бир кардар менен баарлашуу керек. Жок эле дегенде “аш болсун” деп айтасың. Эч нерсе айтпай коё албайсың. Сөзсүз түрдө, мисалы“келип туруңуз” же “күнүңүз жакшы улансын” дейсиң [күлүп]. Жакын жерде мончо бар, кээде бөтөлкөлөрүн көтөрүп келишет, андайда “Жеңил парыңыз менен” деп айтам, ушундай», — деп айтып берди Гүлкайыр.

Ал кардарлардын саны жыл сайын өсүп жатканын байкаганын айтат: улуттук суусундуктар жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ боло баштады.
«Азыр жаштар кола же фантаны анчейин ичпей калды деп ойлойм. Алар чалап, аралаш сатып алганын көп байкайм. Мисалы, максымды көбүнчө шаардык кыздар сатып алышат. Өзүбүздүн азыкты сүйүп алышканы абдан жагымдуу. Мурда [негизинен] аралаш, максым, жарманы байкелер ичишчү. Азыр болсо кыздар, мектеп окуучулары дагы ичишет», — деп кубануу менен айтып жатты Гүлкайыр.

Гүлкайыр төрт жылдан бери улуттук суусундук куюп иштейт. Чүй проспектиндеги «Детский мир» соода борборунун маңдайындагы түйүнгө резервден улам келген. «Резерв» деп компанияда иштеген аялдар эс алууга чыкканча же жумуштан кеткенче кезек күткөн жумушчулардын тизмесин аташат.

Гүлкайыр таңкы саат 07:00дөн кечки 07:00гө чейин, дээрлик дем алышсыз иштейт. Бир топ узак убакыт, бирок, жашкы кардарлар туш келсе 12 саат билинбей эле өтүп кетет дейт ал.

«Эртең менен бирөө-жарым маанайыңды бузуп коёт, анан күн бою ойлонуп, кыйналып чыгасың: “Бир эжени таарынтып койдум”. Же кимдир бирөө мени таарынтат. Кээде мас кишилер келип алып “бекер шоро бер” дейт. Азыр иштебей эле ичип жүргөндөр көбөйүп кетпедиби», — дейт ал.

Бирок Гүлкайырдын бир эрежеси бар: жумушсуз жүргөн жаштарга суусундукту бекер бербейт— алар иштеп акча таба алышат.
«Кээде [акысыз суусундук куюп бер деген] адамды карайм. Жаш болсо — жалкоо экени билинет да. Куюп бербейм. “Иште” деп айтам. Мен деле операциядан кийин иштеп жатам. Кээде аябай эле картаң аталар, апалар болсо аларга сөзсүз түрдө куюп берем».

Акчасы жок улгайган адамдарга кээде кардарлар ыраазычылык катары калтырып кеткен акчанын эсебинен суусундук куюп беришет. Айрым кардарлар кайтарымды албай кетишет, ошентин кечке чейин анча чоң болбосо да, бир топ акча топтолуп калат.

«Ооба, куюп берем, анткени кайтарым акчаларын калтырып кетишет, кошумча-алымчасы менен жакшы эле. Кечинде санаганда анча көп эмес, бирок бир аз акча калат».

Каарманыбыз турмуш-тиричилигине деле ушинтип акча табат: «чайга» деп калтырган акча жана маянасы. Үй-бүлөмдү бакканга жетет дейт ал. Гүлкайырдын үч баласы бар, эң кенжеси быйыл мектепке даярдоочу класска кирген.

«Айлык акы, чынын айтсам, билбейм, али ала элекмин. Бирок өткөн айда, май айында үч күн иштеп 2700 сом алгам. Ошондо күнүнө 800 сомго жакын болот, — деп эсептеп жатты маектешибиз. — Мага жумушум жагат. Ысык болсун, суук же жамгыр болсун, чыдайм».

Гүлкайырдын жашаган жери, балдарына каралашкан кишиси бар. Жолдошу экөөнүн үйү бар, балдарын караганга бир тууганы [сиңдиси] менен кайненеси жардам берет.

«Айрымдар нан табыш үчүн ысыкта отурушат деп ойлошот [...] Кудайга шүгүр, бардык адамдардай эле үйүбүз, унаабыз бар. Бирок эмнегедир ушул жумушка тартыла берем. Чынын айтайын, эмне үчүн экенин билбейм».

Гүлкайырдын айтымында, мурда «шоро-эжелер» эмгек келишими менен иштешчү, азыр патентке өтүшкөн. Бирок маектешибиз үчүн бул маселе деле эмес: «Эмгек келишиминен патентке өткөндөн эч нерсе деле өзгөргөн жок», — дейт ал.

Эмгек өргүүсү деген жок, суранып же ооруп калсаң дем алыш алсаң болот.

«Өткөн жылы операция болгом, оорукананын акчасын төлөп беришкен», — дейт ал.

Бул жумушта дем алышсыз иштей берсе болот, ошондо айлык да жакшы чыгат деп түшүндүрдү Гүлкайыр. Өзү аябай чарчап, «жакшылап уктап алгысы келгенде» дем алыш алат.

«Соода аябай жакшы болгондо чарчап каласың да [...] Мына, эртең дем алыш алсамбы деп жатам, бирок ала аламбы, жокпу билбейм. Эгер [резервде] аялдар жетишсиз болсо “бирөөнү тапканча эки-үч күн чыдап туруңуз” деп айтышы мүмкүн. Кааласаң, чарчабасаң — керек болсо бир ай бою дем алышсыз иштей берсең болот. Ошого жараша айлык да жакшы чыгат», — деди маектешибиз.

Бирок бул — убактылуу жумуш. «Шоро-эжелер» канаттуулардай эле күн жылыганда көчөгө чыгып, суук түшкөндө «Түштүккө учуп кетишет». Гүлкайыр үчүн «Түштүк» «Дордой Плаза» соода борборундагы жумуш. Маектешибиз ал жерде күз-кыш мезгилдеринде иштейт.

«Мен сооданы жакшы көрөм, тажрыйбам дагы бар. “Плазада” мен аялдарга тиешелүү буюмдарды сатчумун. Кийин бала төрөп, үйдө отуруп калдым. Аларды чоңойтуп, бала бакчага, мектепке бердим. Эми кайра “Шорого” келдим».

«Жакканы үчүн кайтып келдим»: Гүлкайыр адамдар менен бат тил табышат, бул жерде болсо кардарлар менен баарлашса болот, жакшы акы төлөнөт, жумуш да таза, оор эмес. «Башкалардан да интервью алдыңбы? Аа, макул болбой жатышабы? Мага баары бир. Кээ бири тил билишпейт [орус тилин], ошого уялышса керек. Мен деле жакшы билбейм, бирок түшүндүргөнгө аракет кылам».

«Шорого» кирүү үчүн катаал кастинг

Ал эми шаардын түштүк бөлүгүндө — магистралды бойлой, «Глобустун» маңдайында — Анара эже отурат. Ал 46 жашта, «Шоро» компаниясында 2000-жылдан бери иштейт. Бул анын биринчи жумуш орду. Ал кезде талаптар катаал болчу: жумушка 18 жаштан 25ке чейинки гана кыздарды алышчу.

«Сырткы келбетке карайт, милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтөбүз. Азыр 18ден 50 жашка чейинкилерди алышат, — деп сөзүн улады маектешибиз. — 50 жаштан ашкан жаңы кызматкерлерди азыр алышпайт. Азыр деле кадимкидей медициналык кароодон, окутуудан өтөбүз.

Компаниянын ичинде атайын кабинетибиз бар [лекциялар үчүн]. Жумгал деген агай өтөт сабакты. Ал жакта Алтынай деген кыз дагы бар, ал биздин өң-келбетибиз, кардарларга кылган мамилебиз [кандай болушу керектигин] үйрөтөт, түшүндүрөт. Аны биз билебиз, бирок баары бир жыл сайын кайталап өтүп турабыз, [бул сабактар] милдеттүү түрдө».

50 жаштан ашкан эжелер көптөн бери иштешет. Учурда бул жаштагы аялдар үчүн жумушка орношуу кыйын же дээрлик мүмкүн эмес.
Жаңы келген кызматкерлерди окутуу учурунда сөзсүз түрдө кыргыз жана орус тилдерин билеби текшерилет дейт Анара. Аялдардан кардарлар менен баарлашуу эрежелерин билеби-жокпу сурашат.

«Чыдабаган айрым кыздар кетип калышат, жаш кыздар. Азыр болсо, ошондуктан эркек балдарды [жумушка] алып жатышат [...]. [Жакында] түнкү смен ачылат, алар парктарга коюлат. 18 жаштан өйдө жаш балдарды алат. Коркпой деле койсо болот, анткени эл арасында болот. Бул эми, азыркы шарттагы продукциябызды өткөргөнгө болгон бир багыт», — дейт ал.

Түшкү тамактануу үчүн компания эжелерге 20 мүнөт бөлүп берет. Бул убакыт аралыгында алар жакын жердеги ашканага барып, же үйлөрүнөн ала келген тамагын жешет. Ысыкта суюк тамакты алып келүү жана сактоо өтө кыйын, андыктан негизинен бутерброд же коюу тамак алып келишет.

«Компания күнүнө 100 сомдон берет, кассадан. Анан бизге ысыкта суу берет, бир литр “Легенда”, газы жок. Эгер акчабыз жетпей калса өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн кошуп обед кылабыз», — деди Анара.

Дааратканага болсо «шоро-эжелер» иштеген түйүнүнө жакын жердеги соода борборлоруна, кафе же сулуулук салондоруна барышат.

«Негизи бизге [дааратканага же түштөнүүгө] формачан барууга болбойт. Мен биринчи жөн эле форма менен барып, алар менен таанышып келем, анан кийин формам жок эле барам [...] Чатырды түшүрүп, кассадагы акчанын баарын жаныбызга алып, сумкабызды жаныбыздагы бирөөгө дайындап, болбосо эч ким албагыдай кылып жыйнап коёбуз. Кудай сактасын, азыркыга чейин эч ким тийген жок, ушунча жылдан бери [иштеп] келатам. Эгерде жакын жерде кафе жок болсо, дарыкана же лабораториялык борбор болсо барып, уруксат сурап, кайра келип формамды чечип, дааратканасына бара берем. Бул көйгөй деле эмес», — дейт ал.

Анаранын көптөгөн тилек-максаттары бар: мисалы, ал жогорку билимдүү болгусу келет. Бешинчи курста окуп жүргөндө турмушка чыгып, күйөөсү окууга уруксат бербей койгонун айтат.

Маектешибиз өзүн башка тармактарда да сынап көргүсү келет: бир кезде «Шоронун» негиздөөчүсү Таабалды Эгемберлиевдин аялы менен бирге кийизден улуттук сувенирлерди жасап иштеген.

«Эже “Мерей” фондун жетектечү. Анан эң чоңубуз [тактан кулатылган биринчи президент Аскар Акаевдин аялы] Майрам Акаева болчу. Мен Майрам эже, Анара эженин колунда дизайнер болуп иштечүмүн. Кийизден сувенирлерди жасачубуз. Биздин сувинерлерибизди Анара эже [Эгембердиевдин биринчи аялы] Германияга, башка чет өлкөлөргө барып өткөрүп келчү», — деп эстеди Анара.

Учурдагы айлыгы Бишкектеги батирдин ижара акысын төлөөгө гана жетет, ал жерде уулу экөө жашайт. Жолдошу эки кызын карап, Токмок шаарында турат.

«Шоро-эжелер» менен маектешип, алардын жумушу шаардагы атмосферага жана маанайга таасирин тийгизерин байкадык. Алардын арты менен ар бир тургун даамдуу улуттук суусундуктан ичип, Бишкектин кайталангыс колоритин сезе алат. Эжелер кыргыз маданиятын чагылдырган жылуу, меймандос атмосфераны түзөөрү талашсыз.

Текст: Айжамал Жаманкулова

Маектешкендер: Нуриза Уланбек кызы, Акылай Курманова жана Жаркынай Сүйүнбекова