Республикалык «Кыргыз тили» коому жана «ЭлТр» коомдук телерадиокомпаниясынын өкүлүнүн айтымында, эгемендүлүүктүн 20 жылдыгын баардык жараандар кыргыз улуттук кийимин кийүү менен тосушса, «элдин ынтымагын башка өлкөлөргө көргөзө алат». Тарыхчынын оюнда, демилгечилер өздөрүнө көңүл бурдуртуп жатышат.
«ЭлТр» коомдук телерадиокомпаниясынын республикалык «Кыргыз тили» коомунун өкүлү Нуркыз Кадырбек кызы бул кайрылуу кезектеги «башка улуттарды бөлүү эмес, мунун тарыхый мааниси бар», деп билдирди.
«Анткени ар бир Кыргызстандагы жараан эгемендүүлүктүн кадырын сезиш керек. Баарынан мурда эгемендүүлүктү баалай билүү. Бизди биз кылып тааныткан 300 жылдык тарыхы бар, улуттук баалулуктарыбыз деп улуттук кийимге токтолдук», - деди Нуркыз Кадырбек кызы.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы башка улуттар бул демилгени туура кабыл алышаарына ишенээрин айтты.
«Башка улуттар сонун караш керек[демилгеге], анткени баарыбыз Кыргыз мамлекетинде жашап жаткандан кийин. Мен, мисалы, өзбек туугандардын майрамы болуп калса, атлас материалынан тигилген өзбек көйнөгүн кийип чыгуудан уялбайм», - деп жарыялады ал.
Муну менен башка өлкөлөргө көп улуттуу мамлекетибиздин ынтамагын көрсөтөбүз деп кошумчалады Нуркыз Кадырбек кызы.
Ошондой эле ал жаш кыздарга заманбап кыргыз улуттук көйнөгүн сунуштады.
«Мен кыздарга сулуулугун, жаштыгын дагы көрсөтүп турган ак көйнөк менен кызыл чыптама кийип чыгуусун сунуштайм», - деди демилгечи.
«Туура эмес»
Тарыхчы Кыяз Молдокасымовтун айтуусунда, мындай демилге, эгемендүүлүктүн астында кыргызстандыктардын «ЭлТр» жана «Кыргыз тили» коомунуна көңүлүн бурдуртуу болсо керек, деген ойду билдирди.
«Жаарандык активдүүлүктөрүн көргөзүү гана деп кабыл алам. Баары эле улуттук кийим кийип көчөгө чыкса эле, кыргыздын кыргыз экендиги билинип калбайт [...]. Ар бир жараандын аң сезими улуттук сезимге толгондо гана кыргыз тилге, мамлекетке болгон мамиле өзгөрөт да», - деп нараазычылыгын билдирди Молдокасымов.
Ал эми өзү болсо эгемендүүлүктүн 20 жылдык күнү улуттук кийим кийип чыкпайм деп айтты.
«Мен адаттагыдай эле чыгам. Улуттук кийим кийбесем дагы, ички жан дүйнөмдө мамлекет деп күйгөн ишенимим, аракетим эч качан өчпөйт, өнүгө берет»,- деп билдирди ал.
Тарыхчынын оюна улуттук телерадио компаниясынын журналистти Жанар Акаев кошулат.
«Аябай улутчул болуп кеттик, мен джынсы, кепка менен эле тосом. Бизде башка улуттарды муштум менен башкарып атышат бул туура эмес, акыл менен башкарыш керек », -деди журналист.
Ал эми журналист Наталья Секеринанын оюнча, мурдагыдай эле шаардын борбордук аянттарында өткөзүшсө туура эле көрүнүш болот.
«Эл көп жерде, жөө жүрүшкө чыгышса бул менин оюмча терс таасирин тийгизет. Ал эми ошол күнү баардык Кыргызстандагы улуттар өздөрүнүн улуттук формасын кийишсе бул эң сонун болот» ,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Тургундардын ою
Шаар тургуну Самара Эришова Кыргызстандын баардык жараандары майрам күнү улуттук кийим кийип чыкканга чакырат.
«Себеби кыргыздын улуттук кийими кийилбей эле турат да, баарыбыз минтип кыска юбка кийип, ачык кийинип жүрөбүз. Эгерде баары кийинип чыкса, мен да атайын кыргыздын улуттук кийимдерин, сатып алып кийип чыкмакмын», - деди ал.
Мектеп окуучусу Сакен Казанбаев мүмкүн болсо биздин жетекчилерибиз да улуттук кийим кийишсе, баарына таасирин тийгизмек деди.
«Менин улутум башка болсо дагы, ушул майрам күнү киймекмин, анткени бул күн кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү да», - деп айтты Сакен.
Автор: Анара Арстанбекова