Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ариповду Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Абдулла Арипов жана Бакыт Төрөбаев. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы
Өзбекстандык премьер-министр Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышат. Иш чара 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ошол эле учурда, жыйында эмне талкуулана турганын минкабдан айтышкан жок.
Автор: Медина Шамшидинова