Иллюстрация: Вера Андрианова «Клооп» үчүн

Башкы прокуратура өзүнүн кызматкери ведомствонун жарым миллион доллардан ашык каражатын коротконун четке кагууда. Бирок сот документтери андай эместигин айтып турат. «Клооп» иштин жагдайын талдап чыгып, шектүүнүн аброюн сактап калуу үчүн «коромжулукту» «шалаакылык» деп көрсөтүү аракети болуп атанын байкады. 


Эмесе кеп башынан болсун, өлкөнүн Башкы прокуратурасы коммерциялык банктардын биринде инвесторлордон урдалган 1,5 млрд рублга байланышкан чуулгандуу иштин бетин ачкан. Укук коргоо орган кызматкерлери ишти бетин ачып гана тим болбой, күнөөлүүлөрдү кошо таап, жабыркагандардын акчасын да кайтарып берген. Калган 762,5 миң долларды накталай өткөрүп берүүнүн өзү жада калса Башкы прокуратуранын видеосуна тартылган. 

Бирок бул окуянын кызыгы башкада. Бул акча ишкерлерге кайтарып берилгенге чейин дагы бир жолу уурдалган, болгондо да Башкы прокуратуранын өзүндө. Алдын ала иликтөөнүн маалыматына ылайык, акчанын сактыгына жоопту Тергөө башкармалыгы бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдырасулов аларды үч апта бою күндө 30-40 миң доллардан ташып, тууганына берип турган. Тууганы болсо акчаны электрондук капчыкка салып турган. Балким, казинодо ойнош үчүн деп жазган 24.kg жана башка бир катар ЖМК. Ошентип, Абдырасулов жалпы жону 742,5 миң долларды өзүнө ыйгарып алган. 

 Чынында, прокуратура өзү андай эмес, чиновниктин жаман ою жок болчу, Абдырасулов акчаны банкка жеткирип бергиси келген, бирок аптанын жума күнү келип калып, банкттар эрте жабылгандыктан жетишпей калган деп жатат. Анан аларды эмнегедир кызматтык сейфке да салып койбоптур. Анда кайда алып кеткен? Сыягы, үйүнө алып кеткен имиш. 


Ооба десең, болгону салмагы сегиз киллограмдай эле 76 пачка доллар экен го. Анын эмнеси экен, чөнтөктөн деле табылбай калат да.


Дүйшөмбүдө Абдырасулов жумушка чыккан эмес. Шейшемби, шаршемби күндөрү дагы чыккан эмес. Бейшемби күнү болсо акчаны таппай калышат. Кызматтык сейфте жок болуп чыкканда, акчаны коротуп салды деген шек менен дароо чиновникти камакка алышат. Баарынан кызыгы, акча ошол замат эле табылып отурат: аны чиновниктин туугандары Абдырасулов камакка алынган соң алып келип беришет. Мына ушундан кийин каражатты салтанат менен жабыркаган инвестордун колуна тапшырышат. Демек, чиновник, Кылмыш жаза кодексинин 210-беренесинин тиркемесине ылайык (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), эгер келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетсе болот. Ошону менен бүттү, Хэппи энд. 

Бирок баары бир эле бул табышмактуу окуянын дал келбеген жерлери бар. Айрыкча, мөөнөттөрү.

Башкы прокуратура 28-сентябрдагы пресс-релизинде каражат бир жумача Абдырасуловдун жеке көзөмөлүндө болгон дегенди кыйытып атат. Башкача айтканда, 15-сентябрь жума күндөн 21-сентябрь бейшембиге — ведомство сыйпалап таппай калганга чейин. 

Бирок пресс-релиз чыкканга чейин беш күн мурда жазылган соттун баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечиминде Абдырасулов августтун аягынан баштап акчаны күн сайын бөлүп-бөлүп тууганына берип турган деп так жазылып турат. Башкача айтканда, бери эле дегенде үч жума ошентип жүргөн. Сот токтомунун өзү Башкы прокуратуранын курамына кирген, анын ичинде прокуратура кызматкерлеринин өздөрүнүн кылмыштарын иликтеген Аскердик прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгына негизделген. 


Ошондо ким калп айтып жатат? Башкы прокуратуранын кол коюлбаган пресс-релизиби же сот баш болуп алдын ала тергөөбү? 


Издөөнү улантабыз. Башкы прокуратура Абдырасулов чоочун бирөөнүн акчасын казинодо уттурган эмес деп жатат. Эгер ал акчаны уттуруп салганда, «оюн-зоок жайы уттурулган сумманы кайтарып бермек эмес болчу»,  Абдырасуловдун туугандары да чиновник кармалган күндүн эртеси эле 762,5 миң долларды кайтарып бере койбойт эле деп айтууда. Чын эле деген ой келет.

Бирок сот аталган акчалар Абдырасуловдун «жеке тапшырмасы» менен өзүнүн иш бөлмөсүндө сакталганын аныктаган. Ал аны бөлүп-бөлүп тууганыра берип турган, тууганы болсо акчаларды Wallet One электрондук капчыгына которуп турган. «Клооп» аталган капчык интернет желесиндеги казино оюндары үчүн да колдонуларын аныктады.  

Андыктан кумар оюндары тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз дегенге болбойт. Анын үстүнө прокуратура өзү да Абдырасулов акчаны кайда жоготконун, туугандары кайтарып бергенге чейин акчалар менен эмне болгонун айтпай жатат. 

Акчалар кайтарылган жагдайдын өзү да түшүнүксүз болууда. Прокуратура акчаны чиновник кармалган күндүн эртеси алып келип беришкенин жазат. Башкача айтканда, 22-сентябрь күнү. Бирок соттун 23-сентябрдагы токтомунда  ал жөнүндө бир сөз жок. Анткен менен сот бул жөнүндө билиши керек эле да. 

Кызматкер акчаны Башкы прокуратурадан кокустан чыгарып кете алат беле? Бул суроого жооп бериш үчүн столдун үстүндө турган таңгак долларларды дагы бир жолу карап көрөлү. 

Башкы прокуратуранын оперативдик видеосунан скриншот

Мындай үймөк акчаны чөнтөккө, керек болсо баштыкка салып коюп «унутуп калуу» мүмкүн эмес. Анын үстүнө мындайда дароо шаарда мындай акча менен кантип жүрмөк элем деген коопсуздук маселеси жаралат. Абдырасулов аны, эрежеси боюча, банкка алып барган күндө деле, инкассаторлорду чакыртышы керек болчу. 

Бирок Башкы прокуратуранын дагы бир катуу аргементи бар: «Кыргыз Республикасынын жарандарына кумар оюндары ойнотулган жайларга кирүүгө тыюу салынган», — дейт ал. Шах жана мат! Болгону бир жагдайды кошумчалай кетүү керек:


Кыргыз Республикасынын жарандарына жол чырактын кызылы  күйгөндө унаа айдаганга, пара алганга, ажырашып кеткен аялынын кулак-мурдун кескенге да тыюу салынган. Мунун баарынын башка планетадан келгендер кылып атат. 


Биз Башкы прокуратурада келесолор отурат деген жерибиз жок. Бирок бул спектаклдин баары Рустам Абдырасуловдун жазасын жеңилдетүү аракетиндей көрүнүп жатат. Балким ал кимдир бирөө үчүн аны камап же жумуштан айдап салгыдай жөн киши эместир. Ошондуктан «өзгөчө ири өлчөмдөгү коромжулукту», мисалга, «шалаакылык» деп квалификациялап, кызматкер мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын жана ал лудоман экенин тана берсе болчудай. Себеби коромжулук үчүн 5-10 жыл камак деген реалдуу мөөнөт бар, ал эми шалаакылык үчүн 100 миң сомго чейин штраф гана бар. Штрафы деле салынбайт: себеби акча кайтарылды да.

Каша сыртында дагы бир риторикалык суроо калат: эгер прокуратура кызматкери чынында эле чоочун бирөөнүн 742,5 миң долларын уттуруп койгон болсо, анда анын туугандары кем болуп аткан сумманы бир күндүн ичинде кайдан таба калды? Бирок суроо «алар мындай унааларга акчаны кайдан табышат?» дегендей эле. Анын жообун биз болжолдуу билебиз

Арууке Солтоной, Виктор Мухин