«Кумтөр» алтын кенинде алтындын жаңы запастары табылды. Аларды 2026-жылга чейин казып иштетүү Кыргызстандын бюджетине 1,5 миллиард доллар салык төлөөгө мүмкүндүк берет, деп билдиришүүдө кендин ээлери.
«Центерра Голд Инк» компаниясынан изилдөө иштеринин жүрүшүндө «Кумтөр» кенинде алтындын кошумча көлөмү табылгандыгын билдиришти. Эми казып, өндүрүш керек болгон алтындын кендеги жалпы запасы 9,7 миллион унцийди түзөт.
«Центерра Голд Инк» – Ысык-Көл облусундагы«Кумтөр» алтын кенине ээлик кылган канадалык компания. «Центерра Голд Инктин» акцияларынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык.
Жаңы табылгага байланыштуу «Кумтөрдөгү» иштердин мөөнөтүү эң эле аз дегенде беш жылга узартылды. Азырынча алтын казып, өндүрүү иштери 2026-жылга чейин жүргүзүлөт деп пландалууда. 10 жылдын аралыгында «Центерра Голд Инк» 650 миң унций алтын өндүрүлөт деп күтүүдө.
Аталган иштердин аткарылышы үчүн компания«Кумтөргө» дагы 711 миллион доллар инвестиция кылуу ниетинде. Ошондой эле 2018-жылдан баштап алтынды жер астынан өндүрүүнү баштоо пландалууда, учурда алтын казуу ачык жол менен жүрүп жатат.
«Центерра Голд Инктин» билдирүүсүндө алтын запасынын көбөйүшү жана «Кумтөрдү» иштетүүнүн мөөнөтүнүн узартылышы Кыргызстандын бюджетине 1,5 миллиард доллар салык төлөөгө мүмкүндүк берээри белгиленген.
Бирок бул сан алтындын унциясына болгон баага байланыштуу болот. Компаниядагылар баалар унциясына 1 миң 350 доллар болот деп ишенишүүдө.
2011-жылы эле «Кумтөрдө» 18 тонна алтын өндүрүлүп, Кыргызстандын бюджетине которулган каражат 8 миллиар сомдон ашкан. 2012-жылы 12,7 тонна алтын өндүрүү пландалып жатат, алардын үч тоннадан ашыгы үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларынын аралыгында өндүрүлгөн.
Кенге болгон көз карандуулук
Эркин рыноктун Борборазиялык институтунун директору Мирсулжан Намазалиев «Кумтөрдөгү» жаңы алтын запасы бюджеттин кирешесин жогорулатат деген пикир менен макул. Бирок айтымында, ал үчүн кенди «эффективдүү» иштетүү талап кылынат.
Намазалиев ошол эле маалда Кыргызстандын экономикасынын «Кумтөргө» көз каранды болушуна тынчсызданууда.
«Өлкөнүн экономикасы минералдык ресустарга негизделбеши керек. Учурда «Кумтөр» мамлекеттин бюджети үчүн өтө маанилүү. Бул экономика толугу менен мунайга, алтынга, алмазга жана башка ушул сыяктуу кендерге негизделип калгандагы ресурстук наалат деп аталат», – деп эсептейт Намазалиев
Буга байланыштуу ал Кыргызстандын бийлигин «Кумтөргө» басым жасабастан экономикалык реформаларды өткөрүп, ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырды.
Кыргызстандагы «Кумтөрдүн» көйгөйлөрү
Акыркы кездери «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кыргыз бийлиги жана Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен болгон мамилеси анча жакшы болбой келет.
Июндун аягында Кыргызстандын парламенти «Центерра Голд» менен түзүлгөн макулдашууларды бузуу маселесин талкууга алган. Буга «Ата-Журттун» депутаты Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссиянын доклады себеп болгон - ал докладда «Кумтөр» кенин иштетүүдө мыйзам бузуулардын бар экендиги белгиленген.
«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилиги Жапаровдун докладын «чындыкка дал келбеген» деп, ал эми комиссиянын чыгарган жыйынтыгын — «далилсиз, негизсиз» деп атаган. Жыйынтыгында, парламент «Центерра Голд Инк» менен болгон макулдашууларды бузбоо чечимин кабыл алган.
3-октябрда «Ата-Журт» партиясынын тарапташтары Бишкек шаарында митинг өткөрүшүп, анда «Кумтөр» кенин улутташтыруу жана «Центерра Голд Инк» менен болгон макулдашууну бузууну талап кылышкан. Бул маселелер боюнча нааразылык акциялары мезгил мезгили менен өлкөнүн башка аймактарында да өткөн.
Канада соту үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстандын «Центерра Голд Инктеги» акцияларынын төрт миллионун камакка алган.
Авторлор: Азат Рузиев жана Алексей Ким