«Фергана.ру» сайттын тосмолонушу боюнча чечимди жокко чыгартуу үчүн Кыргызстан менен соттошот

«Фергана.ру» маалыматтык порталынын редакциясы Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигине каршы доо арызын даярдап жатат. Буга 2012-жылдын февралында парламент тарабынан ресурстун «мыйзамсыз» тосмолонушу себеп болгон.

«Фергана.ру» сайтын тосмолоо боюнча 2012-жылдын башында кабыл алынган чечим «мыйзамсыз» болгон, деп эсептейт маалымат порталынын башкы редактору Даниил Кислов.

Кислов сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча чечимди парламент кабыл алганда эмес сот кабыл алганда гана порталды тосмолоо мүмкүн экендигин айтууда.

«Кыргыз мыйзамдарында тигил же бул сайтты тосмолоонун бир гана жолу бар — бул качан гана Башкы прокуратура сайтта кандайдыр бир экстремисттик же мыйзамды бузган материалдардын бар экендигин билдирип сотко кайрылганда гана», — деди Кислов.

Ал маалымат порталынын редакциясы тосмолоо тууралуу чечимдин легитимдүү болушун каалап жаткандыгын кошумчалады.

Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргызстандын колдонуучулары үчүн сайтты жеткиликтүү кылып, андан кийин сайтты тосмолоонун зарылдыгы болсо ал чечимимге сот аркылуу жетишиши керек, дейт Кислов.

«Биз мыйзамда жазылган жол-жоболордун бардыгынын аткарылышын каалап жатабыз. Биздин пикир боюнча, «Фергананы» тосмолоо чечими Кыргызстандын мыйзамдарын бузган», — деди басылманын башкы редактору.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги Кисловго 2012-жылдын 8-ноябрь датасы көрсөтүлгөн расмий кат жөнөткөн. Анда сайтты тосмолоо чечимин жокко чыгаруу боюнча портал редакциясы парламентке же сотко кайрылышы керектиги жазылган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинде көрсөтүлгөн Мамлекеттик байланыш агенттигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик орган экендигин эске алып, мекеме аталган нормативдик актыны аткарууга милдеттүү болгон», – деп жазылган катта.

«Фергана.рунун» жактоочусу Нурбек Токтакунов парламенттин интернет сайттарын тосмолоого укугу жок болгондуктан Байланыш агенттиги ал чечимди аткарууга милдеттүү эмес болчу деп эсептейт. Ал сайттарды тосмолоонун мыйзамдуу жол-жобосу сот аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн экендигин айтты.

«Эгер прокуратура маалымат ресурсу экстремисттик материалдарды таркатып жатат деп эсептесе сотко өтүнүч катын жазат. Анан сот тосмолоого уруксат берген же өтүнүчтү канааттандырбаган чечим чыгарат. Биз бийликти ушул жол-жобого чакырабыз», – деп түшүндүрдү Токтакунов.

Тосмолоо тууралуу чечим

Сайтты тосмолоо демилгеси 2011-жылдын июнунда Кыргызстандын парламентинин депутаттары тарабынан жактырылган, алар бул чечимин «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.

«Өлкөдөгү улуттар аралык чыр-чатакты тутандырып жаткандар мындай порталдардын кызматтары менен колдонуп, чындыкка дал келбеген, бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайгыштырышы мүмкүн», — деп билдирген анда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов.

Парламенттин чечими өкмөттүн 21-февралда чыгарган - аталган ресурсту өлкөдө колдонууга чектөө коюу жөнүндөгү - токтомунан кийин аткарыла баштаган.

Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарып баштаган.

Анда басылманын редакциясы веб-сайтынын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли