Украинадагы согуш Орусиянын Борбор Азиядагы үстөмдүк доорун аягына чыгарып, чөлкөмдөгү өлкөлөр глобалдык оюнчулардын ортосунда жаңы илбиреген тең салмактуулукту издеп жаткандай туюлушу мүмкүн. Бирок, Садыр Жапаровдун Батыштын дарегине карата кескин билдирүүлөрүнө караганда, ал Владимир Путин убадалаган «көп полярдуу» дүйнө келди, ошол жаңы дүйнөдө ага — мурдагы СССРдегидей — бир эле Москвага таянуу жетиштүү деп чечкендей. Бул билдирүү канчалык терең ойлонулган билдирүүлөр, кыргыз президентине эмне түрткү болгон?
Кыргызстандагы демократиянын тагдырына кабатырланган АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкендин катына президент Садыр Жапаровдун жообу өлкөдөгү 2024-жылдын эң жалындуу тышкы саясий окуясы катары эсте калса керек. Албетте, ал запорождуктардын түрк султанына жазган айтылуу катына жетпейт, бирок стили боюнча Владимир Путиндин «Мюнхендеги сөзү» менен салыштырууга болот. Путиндин андагы сөзүнөн кийин Орусия Федерациясынын Батыш менен тиреши башталган.
Жапаровдун ошол дипломатиялык эмес кайрылуусу жарык көргөндөн бери бир ай өттү, ошентсе да аны Кыргызстанда коом арасында (интернеттеги пропагандачылардын алкоосун эсепке албаганда) ачык саресеп салып, түшүнүү аракети байкалган жок. Ал ортодо, Жапаровдун каты олуттуу суроолорду туудуруп жатат. Анда рационалдуулук көппү же кызуу кандуулук көппү? Ушундай катуу риторика, ошол Орусия же Кытай тараптан айтылып атса башка кеп эле, бирок Кыргызстандын президенти айтып аткан соң ал кандай ресурстар менен бекемделген болушу мүмкүн? Бишкектин расмий көп векторлуулугу эми кантет? Бул катты Садыр Жапаров өлкө ичиндеги бийлигин бекемдөө үчүн Батыш менен тирешкенге даяр деген белги деп кабыл алсак болобу? Тобокелчиликке Орусияга түрдүү «санкцияга тушуугуучу товарлардын» реэкспортунан түшүүчү пайда турат.
Медет Төлөгөнов, саясат таануучу:
Албетте, мурда эч ким мындай кат жазган эмес. Бул жеке адамдын кызуу кандуулугу дагы эмес, себеби кылдаттык менен жазылган. Сыягы, аны ар башка спичрайтерлер көптөн бери даярдап, анан гана жарыялашкан (эки каттын мазмуну ачыкка чыгып кеткендин ортосу төрт күн – ред.). Кыязы, Блинкендин [Кыргызстандын президентине] катынын маңыздуу бөлүгү ЖМКга чыга баштаганда, Жапаров ачык жооп бербей коё албасын чечкен өңдөнөт.
Мунун баары журналисттерге, ЖМКга, блогерлерге жана коммерциялык эмес уюмдарга карата куугунтуктун, чет элдик тыңчы жөнүндө мыйзам долбоорунун [биринчи жана экинчи окууда] кабыл алынышынын шартында болуп жатат. Бийлик өзүнө маанилүү маселелерди тыш жактын, айрыкча Батыштын кийгилигишүүсү жок чече турганын белги кылып жатат. Бул, лидер элге таянып, элитага каршы турганга аракет кылган популисттик режимдин риторикасына толук туура келет. Бизнести «кустуруу», бизде элиталар делген, «Батыштагы кожоюндарына кызмат кылат» имиш делген коммерциялык эмес уюмдарды [куугунтуктоо].
Албетте, ушул сыяктуу тышкы саясий кадамдар, ички аудитория үчүн кандайдыр бир ролду ойнойт. Бирок ошол эле убакта, бул башка өнөктөштөр, анын ичинде Орусия менен өз ара мамилелерди түзүүнүн эсебине [жаңсоо] болушу мүмкүн. Биз алар менен бир лагердин мүчөсү экенибизди көрсөтүш үчүн.
Бул кескин [билдирүү] кандай ресурстар менен бекемделгенин айтуу кыйын. Анткени бул кайсы бир жерде, Батыш жана АКШ тараптан кандайдыр бир олуттуу кесепеттер болбой деле калышы мүмкүн деген божомол. Эми болуп калган күндө да, туюлгандай коркунучтуу деле эмес. Балким, алар ушундай ойдо жогорудагыдай кадамдарга барышкандыр.
Темур Умаров, Берлиндеги «Орусия — Евразия» Карнеги борборунун илимий кызматкери:
Мен Владимир Путин менен, анын Мюнхендеги сөзү менен парралель жүргүзбөйт элем. Менимче, бул жерде жагдай бир аз башкача. Биринчиден, бул мурда мындай болгон эмес дегенчелик окуя эмес. Кыргызстан мурда деле же атайылап Кошмо Штаттар менен мамилесин солгундаткан. Андайды, биз Атамбаевдин тушунда, ал АКШ менен кызматташуу жөнүндө келишимди бузганда байкасак керек эле.
Экинчиден, менимче, Садыр Жапаров өзүн жетишерлик рационалдуу көрсөтүүдө. Өнүгүп келе жаткан чакан өлкө болгон соң, Кошмо Штаттарга мындай кескин каяша айтуу өнөр эместей сезилет. Бирок Жапаровдун аракетинде белгилүү бир логика бар, ал Жапаров бийликке келгенден бери байкалып жатат. Ал Кыргызстанда — Орусиядагыдай авторитаризм болот, демократия эксперименттери бүттү, так түшүнүп алгыла дегенсип жатат. Ал ирети менен «тизгиндеп», ирети менен журналисттерге, коммерциялык эмес секторго басым кылып, бир нерсе болуп кетсе ага абалды турукташтырууга жардам бере алган күч түзүмдөрүн бекемдеп жатат.
Анын аракети азыр Кыргызстандын абалында, башка Борбор Азия өлкөлөрү Батышка карата кандай акыбалда турганын эске алганда да рационалдуу. Батыш өлкөлөрү чөлкөмдү биротоло жоготуп алуудан корккондуктан Борбор Азияга басым кылуу зарылдыгын туйган жок. Учурда, Украинадагы согуш маалында жана Орусия, Кытай менен тирештин шартында бул ортодо турган өлкөлөргө басым кылуу логикага сыйбай калмак, болбосо алар ого бетер Орусия жана Кытайга бурулуп кетишет. Буга жол бербеш үчүн, Батышта өздөрүнүн приоритет тизмелерин кайра карап чыгышууда. Ал жерде адам укуктары, демократия төмөнүрөөк түшүрүлүп, прагматизм жогорулады.
Садыр Жапаров болсо ушуну колдонуп жатат. Ал Кыргызстанга басым кылбашын түшүнүп жатат. Кошумча санкцияларды киргизип, Жапаровду кантип болсо да эл аралык конвенцияны сактоого мажбурлоо, аны демократиялык реформалардын үстүндө иштөөгө чакыруу — мунун баары иштебейт. Менимче, Жапаров ошон үчүн Блинкенге ушундай кескин жооп берип жатат. Ал Мамдепартамент кайра жооп кылып, эч нерсе кыла албасын түшүнүп турат.
Бирок бул каттын, Блинкенден тышкары, башка да дареги бар экени түшүнүктүү — алар өлкө ичиндеги коммерциялык эмес уюмдар. Бул катта Жапаров Кыргызстанда ар кандай коммерциялык эмес уюмдар бар экенин жана АКШ өз ишмердүүлүгүн «үй-бүлөлүк ишканага» айлантып алып, ага «туура эмес» маалымат саткан коммерциялык эмес уюмдардын «катмарына» өтө эле ишенип алганын өзүнчө баса белгилеген. Менимче, бул туюнтманы азыр Кыргызстандын ичинде калган, «чет элдик тыңчы жөнүндө мыйзамга» каршы активдүү күрөшүп, бул маселеге батыштагы өнөктөштөрүнүн көңүлүн бурууга аракет кылып жаткан коммерциялык эмес уюмдарга карата Садыр Жапаровдун кандайдыр бир коркутуусу катары караш керек.
Эмилбек Жороев, Кыргызстандагы Crossroads Central Asia изилдөөчүлүк тобунун эксперти:
Мен Жапаровдун Блинкенге жазган бул катына анчалык деле басым кыла бербейт элем. Менимче, бул катта анын өткүрдүгүн жана кескиндигин буга чейин мындай болгон эмес дегенсип ашыра көрсөткөндөн пайда тапкан тараптар (мисалы, Москва, жарым-жартылай Баку) бар. Вашингтонго алардан бул жакта корккондор жок, сыйлашпайт деле деп көрсөтүп, анын менен катар Кыргызстанды объективдүү саясий жагдайда каралгандан да чоң тобокелдерге тоорутуп коюш үчүн.
Чындыгында бул катты анчалык деле радикалдуу, ал тургай мурда мындай болгон эмес дегенчелик деп айтканга деле болбойт. Атамбаевдин тушунда деле, жаңылбасам 2015-жылы, Вашингонго ушундай мүнөздөгү кайрылуу берилбеди беле. Анда Бишкек өзү, АКШ менен маанилүү келишимди бир тараптуу бузуп, Москвадан мурдагыдан да көп көзкаранды болуп калбады беле.
Жана бул жолу да Мосванын таасири сезилип турат — ал үчүн мүнөздүү белгилүү бир сөздөр жана билдирүүлөр бар. Ошол эле учурда Кыргызстандын АКШ менен кызматташууга кызыкдар экени жана башка дипломатиялык ишендирүүлөр баса белгилениптир. Каттын деталдарына жана чындыкка коошпогон кээ бир сөздөрүнө караганда, текстти чындап кыргыз кызыкчылыктарын көздөбөгөн адамдар даярдаган деген да ой келип жатат. Ал эми мындай каттарды тыкыр чыпкадан өткөрүшү керек болгон башка адамдар, ишин аткарбай койгон. Президент өзү болсо, мындай узун катты майда-баратына чейин окуган эмес деп турам, анын тексттерди шашпай отуруп, алчусун алып, кошчусун кошуп, өзгөртүп-түзөп отурганга убактысы жок.
Эгер каттын автору жана чыпкасы боюнча божомолум туура болсо, анда мени биринчи кезекте дал ушул кемтик кабатыр кылып турат. Бул каттын кескин жана каршылык мүнөздө угулганы эмес, президенттин атынан тыкыр, катаал жана дыкат редактура жана окуудан өтпөгөн ушундай каттар жолдонуп жатканы [кабатыр кылууда].
Димаш Альжанов, саясат таануучу, Казакстан:
Президент Жапаровдун каты — мааниси жагынан өтө кем, ал эми формасы боюнча таптакыр орой. Ал фактыларды ары чоюп-бери чоюп, негизсиз айып коюп, сөз жана жарандык уюмдардын эркиндигин чектеген саясатын актап жатат — бул текстте айдан ачык көрүнүп турат. Кат дипломатиялык коммуникацияда каралган мүнөздөн четтеп, Жапаровду жаман жактан көрсөтүп турат. Ашыкча эмционалдуулук анын кайра чабуул аркылуу коргонгусу келерин көрсөтүп жатат.
[Анткен менен], бул кат тышкы саясий кырдаалды чагылдырып турат деп ойлойм. Ооганстандан чыгып кеткенден кийин чөлкөмдө АКШнын жана батыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары минимумга түшүп, ал эми Украинадагы согуштун шартында Кытай менен Орусиянын позициясы бекемделди. Күчтөрдүн орду алмашканын түшүнгөн Жапаров жана анын чөлкөмдөгү автократ кесиптештери өз бийлигин бекемдөө үчүн ушул жаңы саясий жагдайлардан пайдаланып жатышат. Анын үстүнө, «Азаттык Радиосун» ыңгайсыз материалдарды өчүрүүгө көндүрүп алган Жапаров, өзүн ишенимдүү сезип, учурдан пайдаланып жатат.
Кыргыз коому Жапаровдун темирдей авторитардык режим курам деген ниетине байланыштуу иллюзия тутпашы керек. Айрыкча тышкы факторлор буга өбөлгө болуп атканда. Америка тарап азыр өз үйүндөгү жана дүйнөдөгү маселелер менен алек. Борбор Азия таптакыр фокуста эмес. Байдендин администрациясы Кыргызстанга буга чейин деле санкция киргизген эмес, каттын айынан мындай кадамга бара турганынын азыр да белгиси жок.
Мунун баары кандайча башталды эле?
Эске салсак, февралдын башында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен президент Садыр Жапаровго жолдогон катында коммерциялык эмес уюмдар («чет элдик тыңчы») жөнүндө репрессивдүү мыйзамы боюнча кабатырлыгын билдирген. Анын айтымында, документ Кыргызстанда билим берүү, медицина, экономика жана таза энергия тармактарындагы долбоорлордун ишке ашырылуусун коркунучка кептейт. Мамкатчы айрым донорлор долбоорлор үзгүлтүккө учурайт деп чочулап, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн токтотууну ойлонуп жатышканын жазып, Жапаровду бул кооптонууларды таразалап көрүүгө чакырган. Каттын өзүндө, баамдай турган болсок, стандарттык дипломатиялык мүнөздө жазылган жана эч кандай катуу сөздөр камтылган эмес.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн Фейсбук барагына чыгарган Садыр Жапаровдун Блинкенге жообун, мүнөзү боюнча тирешкен сыяктанат десе болот. Президент АКШнын мамкатчысын түз эле Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптаган. Жапаров бардык коммерциялык уюмдардын арасынан мамлекетти сындагандарын чектегиси келип жатканын так түшүндүргөн, анан эмне үчүн бул эмне үчүн билим берүү жана медицина тармагындагы донордук программаларга таасир этмек эле деп аңкоолонуп сураган. Орус пропагандачыларынын артынан эле ал чет элдик тыңчылар тууралуу Американын FARA мыйзамын эске салып, Путинден калбай «Эмнеге силерге болот, бизге болбойт?» деп таң калган. Кат Блинкенге дагы бир жолу «Өлкөнүн ички иштерине кийлигишпеңиздер» деген чакырык менен аяктайт.
Садыр Жапаровдун чабуулу Мамдепартаментти таң калдырып да койгон жок. Февралда Зимбабвенин бийлиги өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун шарттарына баалоо жүргүзүп жүргөн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жооптуу кызматкерлери менен жалданмачыларын эскертүүсүз кармап, депортациялап салган. Өлкөдөн чыгаруунун алдында аларды агрессивдүү сурап, коркутуп-үркүтүшкөн. Бул оппозицияны аёосуз басып, сынчыларын камаган «Крокодил» деген каймана аты менен белгилүү Эммерсон Мнангагва чуу менен кайра президенттике шайлангандан кийин болгон.