Бул чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул ирет ага 2024-жылдын 30-июнуна чейин тыюу салынды.
Аны төмөнкү жерлерде өткөргөнгө болбойт:
•Ала-Тоо аянтында;
•Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин Эркиндик бульварында;
•Жогорку Кеңештин алдында;
•Панфилов атындагы паркта;
•президенттин администрациясынын алдында;
•Турсунбаева атындагы сквердин аймагында;
•Жогорку соттун жанында;
•Орусия элчилигинин алдында;
•УКМК жана ИИМдин имараттарынын алдында.
Тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга жайылтылбайт. Андан башкасынын баары Горький атындагы скверде гана өтүшү керек.
Калаа борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганына эки жылдан ашты. Биринчи жолу митинг өткөрүүгө тыюу 2022-жылы, Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдогон бир нече согушка каршы акциялар өткөндөн кийин салынган. Андан бери тыюу үч ай сайын узарытылып келет.