Президент Садыр Жапаров «Чет элдик өкүл» мыйзамы тууралуу комментарий берди

«Аны өкмөттүк эмес уюмдардын баардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Кычыктанып “биз катталганбыз” деп жатышпайбы. Айтсынчы, кимиси “Чет элдик өкүл” деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Ошону айттым», — деди президент.

Ошондой эле ал Юстиция министрлигинде катталган 25 миңдей өкмөттүк эмес уюмдун 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барарын айтып, алар кайра каттоодон өтөрүн белгиледи.