Акыйкатчы институту Temirov Live’дын абактагы жетекчисинин денесинде көгала тактар бар экенин ырастады

Мекеменин кызматкерлери абактын жетекчилиги жана ал жерде уруп-сабоо болуп жатканын айтып чыккан аялдар: М.Тажибек кызы, Н.Кудайбергенова жана К.Аранова менен баарлашты.

«Аялдардын айтымында, 4-апрелде кечки текшерүү маалында кызматкерлердин бири оройлук менен Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгарууну буйруган, ал аткарган эмес. Мурда ал кызматкерди көрүшкөн эмес. 5-апрелде мекеменин кызматкерлери Кудайбергенованы башка камерага которуу үчүн буюмдарын алып чыгууну кайра талап кылып, натыйжада чыр чыккан. Аялдарга күч колдонулуп, Кудайбергенова күч менен камерадан чыгарылган. Мекеменин кызматкерлеринин айтымында, тергөө бүткүчө камалган аял каршылык көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле институттун кызматкерлери Махабат Тажибек кызынын эки колунда, сол жаагында жана колтугунун сол жак тушунда көгала тактар бар экенин байкашкан. Бирок абактын кызматкерлери мекеменин өкүлдөрүнө көгала тактарды сүрөт, видеого тартууга уруксат беришкен эмес, жана бул боюнча протокол түзүлгөн.

ТИЗО-1ге Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери да барып, тергөө маалында камакка алынгандардан Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу үч арыз кабыл алышкан.

«Кыйноолорду алдын алуу борбору катаал мамиле болгону тууралуу далилдерди каттоого алуу үчүн үч акт түздү. Бардык материал юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлөт», — дешти улуттук борбордон.

Акыйкатчы институту прокуратурага таянып бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганын, Тажибек кызы менен Аранова акыйкатчыга укуктарын коргоо өтүнүчү менен арыз жазышканын билдирди.

Буга чейин Тажибек кызы ТИЗО-1де сабалганын айтып, ЖАКтын кызматкерлерин каршы арыз берген. Көп өтпөй иликтөөчү журналист Болот Темиров абактагы кызматкерлер Тажибек кызы менен бирге отургандарды да «сабаганын» айткан. ЖАК эч кандай уруп-сабоо болбогонун жана ТИЗОнун кызматкерлери абактагыларды сабаганга укугу жок деп билдирген.