«Шектүү өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандардын документтерин мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат», — дешти атайын кызматтан.
Азыркы тапта колго түшкөн чет элдик жаран тергөө абагында, бул боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.