Жергиликтүүлөр 13-майда мектепке бара жаткан алты жаштагы баланы оор жүк ташуучу унаа коюп кеткенин белгилешти. Алардын айтымында, ушуну менен жыл башынан бери аталган жолдо төрт баланы унаа коюп кеткен.
Буга чейин тургундар шаардык мэрияга жол чырак орнотуу боюнча бир нече жолу кайрылып, бирок маселе чечилбегенине даттанышты. Ошондой эле алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл менен жолугушуусун талап кылышты.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталган. Анда жалпы 82 адам каза болуп, дагы 1 673 киши жаракат алган.