Ирандын Mehr агенттиги билдиргендей, борттогу башка жүргүнчүлөр да набыт болгон — алардын арасында Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана аятолла Мохаммед Али Але-Хашем болгон.
Кыйроодо тик учак толугу менен күйүп кеткени маалымдалды.
Тик учак 19-майда, Раиси жана аны коштогон чиновниктер Азербайжандан сүйлөшүүлөрдөн кайтып келе жатканда кыйраган. Президенттин жана чиновниктердин сөөгү өлкөнүн түндүк-батышындагы Азербайжан менен чектеш аймакта табылган. Шайлоого чейин Ирандын президентинин милдетин өлкөнүн биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер аткарат.