Бекешев ИИМ башчысын Бишкектеги тополоң үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды

«Албетте, күнөөлүүлөр жоопко тартат деп атабыз, бирок эмнеге министрдин жоопкерчилигин карабай жатабыз? Ал эмне үчүн ыкчам чара көргөн жок? Депутат, активисттерди эле аңдып, реалдуу иш кылбай порнофильмдерди эле тартып отурат! [...] Эмне үчүн жаңжалга дароо чара көргөн жок? Эмне үчүн жума күнү тайпаларда видео таркатылып жатканда, андан эч бир реакция болгон жок? Мен ал жоопкерчилик тартышы керек деп ойлойм», — деп билдирди эл өкүлү.

13-майда Бишкекте бир нече кыргызстандык хостелдердин биринде жашаган чет өлкөлүк жарандар менен мушташып кеткен. Анын видеосу соцтүйүндөрдө тарап, бул 18-майда улуттар аралык тополоңго алып келген. Белгисиз адамдардын тобу чет элдиктер жашаган жатаканаларда тополоң салып, аларды сабап, баалуу буюмдарын алып кетишкен. Окуядан улам бери эле дегенде 41 адам жабыркаган.