Бул тууралуу «Клоопко» 28-майда Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-май күнү ϴзгөн райондук милициясына Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 12 жаштагы тургуну үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча билдирүү келип түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралууда. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин маалыматы боюнча, акыркы төрт ай ичинде 36 бала өз жанын кыйды. Алардын 25и эркек балдар болсо, 11и кыз.
Жашы жете электердин суицидге баруусу өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 20 пайызга көп.