ИИМ президенттин үнү коштолгон каржы компанияларын жарнамалаган видеолорго ишенбөөгө чакырды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы учурда соцтармактарда өлкө жетекчилигинин жасалма үнү менен коштолгон билдирүүлөр тарап жатканын билдирди.

«Өлкө жетекчилигинин үнү менен жасалган жалган видеолорго жана үн билдирүүлөрүнө ишенбеңиздер. Эгерде сиздин социалдык барагыңызда ушундай видеолор чыгып калса, ага ишенип, башкаларга жөнөтпөөнү суранабыз», — дешти милициядан.

ИИМ жалган маалымат тараткандарга мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертти.

Буга чейин Жогорку Кеңеш элди алдоого багытталган жасалма интеллектинин жардамы менен даярдалган киберкылмыштарды алдын алууну көздөгөн «Кыргызстандын киберкоопсуздугу жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган.