Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетүүгө арыз жазды

Анын айтымында, Курманкул Зулушев мамлекет башчысы Садыр Жапаровго тиешелүү арыз менен кайрылган. Эми арызды Жогорку Кеңеш карайт.

Алагөзов президент башкы прокурорлукка талапкер прокуратура кызматкерлеринин арасынан каралып жатканын кошумчалады.

Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматына 2020-жылы 21-октябрда дайындалган. Зулушев депутаттар тарабынан бул кызматка каралган жападан-жалгыз талапкер болгон. Ага чейин башкы прокурорлук кызматта Өткүрбек Жамшитов иштеп, ал кызматтык мөөнөтүнөн мурда бошотулган.