Врачтар буту эскалатордо «чайналып калган» үч жашар кызга операция жасашты

Наристеге кыймылсыз сынык, булчуң жана тарамыштары чайналып калган деген диагноз коюлган.

«Баланын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калган. Мындан улам кызга операция жасоого туура келген. Учурда анын абалы туруктуу. Ооруканада тиешелүү дарыланууда», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Бишкекте 23-июнда «Караван» соода борборунда үч жашар кыз буту менен эскалаторго кыпчылып калган. Жерине куткаруучулар келип, баланы врачтарга өткөрүп беришкен.