Мурдагы билим берүү министри Бейшеналиев 1,5 миллион сом айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» деп тапты. Мындай чечимди сот 22-апрелде чыгарган.

Ал бюджетке 1,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.

ИИМ былтыр 28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев «110 миң АКШ доллар пара алып жатканда» кармалганын билдирген. Ал чет элдик студенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп айыпталган.

Бейшеналиев өзү «күнөөсү жок экенин» айтып, «жакында баары ачыкка чыгат, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилген» деп белгилеген.